Нажийе Ата Йылдыз (Жылдыз): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
алгачкы жалпы маалымат
Белги: 2017 source edit
 
мNo edit summary
Белги: 2017 source edit
10-сап:
1987-жылы Гази университетинде магистрдик диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Ушул эле университетте 1994-жылы Проф. Д-р. Умай Гүнайдын илимий жетекчилиги алдында «Радловдун «Манас» эпосу тексти. Эпостогу кыргыз маданиятына байланыштуу аныктоолор жана анализдер» деген темадагы доктордук (PhD) диссертациясын коргогон. <br>
 
=== «Манас» эпосун изилдөө ==
Нажийе Ата Йылдыз тарабынан «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине жакын мезгилде корголгон бул илимий иш 1995-жылы Анкара шаарында китеп болуп басылып чыккан. Түркия делегациясы бул китептин атайын даярдалган нускасын Кыргызстанга алып барып, Кыргыз Президентине жана мааракеге келген башка конокторго белек кылган. Нажийе Йылдыз Түрк делегациясынын курамында Кыргызстанга барып, «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине катышкан жана эпос боюнча жазган эмгеги үчүн эл аралык «Манас-1000» маараке медалы менен сыйланган. Йылдыздын «Манас»  эпосу боюнча эмгеги Түркияда да жогору бааланган. Түркиянын абройлуу уюмдарынын бири болуп эсептелген «Түрк ожаклары» өзүнүн «Зыя Гѳкалп» атындагы илимий сыйлыгын 1996-жылдын 6-апрелинде Йылдызга ыйгарган. Йылдыздын аты аталган китеби 2017-жылы кайрадан басылып чыккан. Нажийе Йылдыздын илим чѳйрѳсүнѳ таанылышында «Манас» эпосунун орду чоң десек жаңылышпайбыз. <br>