Хирургия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
Белгилер: Reverted мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
[[Файл:Surgeon operating, Fitzsimons Army Medical Center, circa 1990.JPEG|thumb|250px|Жүрөккө жазалып аткан опреация]]
'''Хирургия(наштарлык)''' ([[байыркы грек тили|байыркы грек тилинен]] χειρουργική, χείρ — кол жана ἔργον — кыймыл, жумуш) — клиникалык [[Медицина|медицинанын]] көбүнчө операция жолу менен дарылоочу ооруларды жана ал операциялардын техникасын, ыкмаларын изилдөөчү бөлүгү. <br />
'''Хирургия''' байыркы замандан белгилүү болуп, илим катары тынымсыз өсүп-өркүндөгөн. Айрыкча 19-кылымдын экинчи жарымында [[наркоз]], [[антисептика]], [[асептика]] ачылып, практикада колдоно баштагандан дүркүрөп өстү. 19—20-кылымда ар кайсы өлкөлөрдүн [[хирург|хирургдары]] жүргүзгөн эксперименттик изилдөөлөрү өтө татаал операциялардын техникасын иштеп чыгууга мүмкүндүк берди. Хирургиядан травматология, [[ортопедия]], [[урология]], [[нейрохирургия]], балдар хирургиясы жана башкалар өз алдынча бөлүмдөр өсүп чыкты. <br />
Азыркы операциялык ыкмалардын өркүндөшү химия, физика, молекулалык биология, генетика, иммунология жана башкалар илимдердин жетишкендиктери менен байланыштуу. Натыйжада жүрөккө жасалма клапан, кан тамыр жасоого, органдар менен ткандарды көчүрүп жамоого, жасалма муун түзүүгө жана башкалар мүмкүн болду. Хирургиянын [[Миокарддын инфекциясы|миокарддын инфарктын]] операциялык жол менен дарылоо, микрохирургия, [[Лазер (медицина)|лазерди]] колдонуу, [[баротерапия]] жана башкалар жаңы багыттары пайда болду.
 
== Колдонулган адабият ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Хирургия" булагынан алынды