Булгачы уруулук бирикмеси: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary Белгилер: Reverted Көрсөтмөлүү оңдоо мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү |
м Reverted edits by 91.247.63.152 (talk) to last revision by ChoRusBot Белгилер: Rollback мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү Advanced mobile edit |
||
1-сап:
Булгачы уруулук бирикмесинин жаралуу теги жөнүндөгү маселе боюнча, изилдөөчүлөрдүн арасында ар кыл көз караштар бар. К. И. Петровдун пикиринде ичкилик тобун түзгөн уруулардын «уюткусу» 13-кылымда Енисей боюндагы Баргужин Токум аймагында жашаган моңгол тилдүү булагачин жана кэрэмучин уруулары менен этногенетикалык байланышта турган. Тагыраак айтканда, булгачы урууларынын өзөктүк уруулары булагачин жана кэрэмучин урууларынан куралган деген ойду билдирет. Бул көз карашты этнограф С. М. Абрамзон кескин сынга алып, «булгачы» (булганч, булганчы) ысмы түрк тилинин негизинде келип чыккан деп болжолдойт. 13-кылымда Түштүк Сибирь аймагында кездешкен булгачын аталышына окшош термин менен аталган уруулар 14-кылымда Чыгыш Теңир-Тоо аймагында кездешет. Аксак Темирдин аскерлери 14-кылымдын аягында Чыгыш Теңир-Тоого уюштурган жортуулдарынын биринде булгачы жана салучи уруулары менен согушкандыгын Низамуддин Жами өз эмгегинде эскерет. Мындагы салучи аталышынын алгачкы тамгасы араб ариби «с» менен «к» окшошуп калышынан пайда болгондугу байкалат. Моголстандагы булгачы жана калучи урууларынын көп бөлүгү 15-кылымдын орто ченинде өлкөдөгү саясий башаламандыктардан улам Дашт-и Кыпчактагы Абулкайыр-ханга жер которуп көчкөндүгүн Хайдар Мырза баяндаган. Ушул маалыматка таянган С. М. Абрамзон 15-кылымдын ортосунан кийин Теңир-Тоо чөлкөмүндө булгачы уруулары калган эмес деген калпыс пикирди тутунган. Чындыгында бул уруу толугу менен Теңир-Тоодон кеткен эмес. Алардын айрым бөлүктөрү өз мекенинде калган жана алар ошол мезгилде Моголстанга көчүп киришкен кыргыз уруулары менен этникалык алакаларда тургандыгына, кыргыздардын булгачы уруулук бирикмесинин аталышы далил болот. Кыргыздардын ичкилик уруулук бирикмесинин эң алгачкы курамын булгачы жана калучи урууларына таандык этностук топтор негиздесе керек. Бирок аларга кийинки мезгилдерде акырындык менен тектеш уруулардын чачкын калдыктарынан турган этностук элементтер кошулуп отуруп, кыргыз элинин уруулук курамына сиңип кеткендиги байкалат. Мисалы, 16-кылымда булгачы тобуна алты гана уруу кирсе, 19-кылымдын аягында алардын саны эки эсеге көбөйгөн.
Булгачы уруулук бирикмесинин «ичкилик» деген терминге алмашылышы, кыргыздардын азыркы мекенине жайгашуусу менен байланышта болгон. Борбордук Теңир-Тоону мекендеген кыргыздар географиялык-аймактык белгилери боюнча бөлүнө баштагандыгын 18-кылымдагы кытай жазмалары маалымдашат. Түштүк Кыргызстанды жердеген булгачы урууларын ичкилик уруулар деп атоо бул географиялык орун алуу белгиси боюнча түштүктүк уруулар деген мааниге ээ болгон. Себеби кыргыз урууларынын түштүк аймактары булгачы урууларына таандык болгон. «Ичкилик» термини «түштүктүк» сөзүнүн синоними, башкача айтканда ичкилик түштүктүк, аркалык түндүктүк дегенди түшүндүрөт. Ушул себептерден улам, мурдагы «булгачы» термини мезгилдин өтүшү менен «ичкилик» урууларына алмашып кеткен. Бирок «булгачы» элдин эсинен өчкөн эмес. Айрым санжырачылар бул терминди эскеришкендигин С. М. Абрамзон өзүнүн иликтөөлөрүндө белгилеген. Мындан тышкары ичкилик уруу бирикмесине кирген уруулардын ички уруктук аталыштарында бул термин сакталып калган. Мисалы, найман уруусунда булгачы-найман уругу бар.
|