Уйку: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 85 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q35831 (translate me)
No edit summary
8-сап:
Уйку мээ кыртышындагы тормоздолуу процесстеринин пайда болушуна байланыштуу. Организм сергек кезинде нерв клеткаларында белгилүү заттардын сарпталышына карата өзгөрүүлөр болуп турат. Уйкудан кийин [[Нервдер|нерв]] клеткалары өз калыбына келет. Уйку үргүлөөдөн башталып, акырындап тереңдейт. Тормоздолуу абдан тереңдеп, мээ кыртышынын астындагы бөлүктөргө тараганда уйку катуу болот. Киши белгилүү убакта, белгилүү шартта уктаганда уйку тез келет. Мындай учурда тигил же бул шарт уйкуну козгойт, ошондуктан көп учурда көнүп калган шарт бузулса киши уктай албай кыйналат. Үргүлөөгө дайыма бир өңчөй дүүлүктүргүч себеп болот, себеби мындай дүүлүктүргүчтөр улам-улам кайталанып, мээ кыртышынын клеткаларынын көпчүлүгүндө тормоздолуу процесси жүрөт (мисалы, жаандын, китеп окуунун уйку келтирүү таасири). Аны менен бирге күчтүү дүүлүктүргүч уйку келтирүүгө тоскоол болот. Ошондуктан уктардан мурда жарыкты, радиону өчүрүп, жакшылап жамынып, ыңгайлуу абалда жатуу керек.
== Ыңгайлуу уйку ==
Толук эс алуу жана көпкө созулган уйку ыңгайлуу төшөктө гана мүмкүн. Төшөктү таза кармап, мезгил-мезгили менен кагып, чаңдан арылтып, матрац, жаздыктарды көбүрөөк желдетип, күнгө кактоо зарыл. Кыймыл жана дем алууга тоскоол кылбаган ич кийим кийип жатуу керек. Уктаганда чүмкөнүп жатууга болбойт, ал дем алууну кыйындатат. Уктоочу бөлмөдөгү аба таза болууга тийиш, күн жылуу мезгилде терезени ачып, кышкысын уктарда бөлмөнү желдетип же форточканы ачып коюу сунуш кылынат. Уктаардын алдында 10— 15 мин. сейилдөө абдан пайдалуу, ал нерв системасын сеп алдырат. Уйкунун алдында [[Ванна|ваннага]] түшүү же бутту ваннага (ысык эмес) салуу да жакшы. Тамакка абдан тоюп же ачка жатса да уйку тынчсыз болуп, ар кандай түш көрөт. Ошондуктан уйкунун алдында майлуу эмес, эти азыраак тамак жеп, кофе же чайды көп ичпей жатуу талапка ылайык. Уктарда [[Тамеки чегүү|тамеки тартпоо]] керек. Түш биологиялык милдети, ошондой эле, анын мааниси дагы деле түшүнүктүү эмес. Ошентсе да, уйку мурункусунан ар кандай чечмелөө предмети болуп саналат.<ref>[https://sonnik.wiki/s-ponedelnika-na-vtornik/ Жума күнүнө жараша, түш жоруу]</ref>
 
== Жакшы уйкунун натыйжасы ==
Жакшы уйку кишинин ишке жөндөмдүүлүгү менен ден соолугун бир калыпта кармоодо абдан маанилүү. Уйкунун узактыгы жаш өткөн сайын азаят, мисалы, 1 жашка чейинки бала суткасына 18, чоң киши 7—8 саат, улгайганда андан да аз уктайт. Кээ бир кишилердин уйкусу тиешелүү убакыт созулса да, уйкусу канбай калат. Мындай терең эмес, тынчсыз уйку акыл эмгеги менен көп иштегенде же абдан кызыктуу китеп окуганда болот. Терең уйкуда түш көрбөйт. Мындай уйку нерв клеткаларын абдан жакшы калыбына келтирет. Бирок жакшы, терең уйкуда мээ кыртышынын клеткаларынын бардыгы эле бир өңчөй тормоздолбойт. Уйку канчалык катуу болсо да, уктаган киши кээ бир дүүлүктүргүчтөргө сезгич келет. Мисалы, эне чарчап катуу уктаганда кыйкырыкты, түрткөндү сезбейт, ал эми баласы акырын эле ыйласа ойгонот. Киши дайыма жетишсиз уктаганда ишке жөндөмдүүлүгү, нерв системаларынын абалы начарлайт. Көп учурда уйкунун бузулушу (уйку басуу же [[уйку качуу]]) оорунун белгиси болушу мүмкүн. Ал учурда врачка кайрылуу зарыл.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Уйку" булагынан алынды