Эгембердиев, Раимжан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Кошумча
Белги: 2017 source edit
2-сап:
'''Эгембердиев Раимжан''' (21-январь 1940-жыл, [[ Ош облусу, Өзгөн району, Ак-Терек айылы|Өзгөн району,]] Жалпак-Таш айылы) — филология илимдеринин доктору, [[Манас баатыр|Манас]] изилдөөчү. [[Токмок|Токмоктогу]] республикалык маданий агартуу окуу жайын (1961), Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүткөн (1970).

==Кыскача өмүр таржымакалы==
Кыргыз радиосунда, "Кыргызстан" басмасында редактор болуп иштеген. 1975-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде улук окутуучу. Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүп, [[""Манас" эпосу|""Манас" эпосундагы]] фразеологизмдер" деген темада кандидаттык диссертация жактаган (1980).

Райымжан Эгембердиев 1940-жылы 21-январда [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] [[Ош облусу|Ош облусуна]] караштуу [[Өзгөн району|Өзгөн районундагы]] Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек кыштагында туулган.

Эпостогу [[фразеологизмдер]] жагдайындагы макалалардын автору.
Райымжан бала чагында оор тагдырга туш болуп, бир жашында апасы каза болуп, көп өтпөй атасы согушка аттанып, молдо Жусу чоң атасынын колунда тарбияланат.

1955-жылы чоң атасы да дүйнөдөн өтүп кеткени, “Атама барсам энем жат, агама барсам жеңем жат” - демекчи, кыйын шартта окуусу 6 ай үзгүлтүккө учурайт.

Орто мектепти бүтүргөн соң, 1957-жылдан Өзбекстандын Анжиян облусундагы Шахрихан районунда, Фергананын Куба районунда Янги-Кишлак айылында уй багып, кой кайтарып жан багат.

Үч жыл дегенде Кыргызстанга келип, Токмоктогу маданият техникумуна кирет.

Анан өз кесиби боюнча Куршаптагы техникалык окуу жайда тарбиячы болуп иштеген кезде, 1962-жылы аскерге чакырылат. Ал [[Монголия|Монголиядагы]] советтик аскерлердин курамында кызмат өтөгөн.

Аскердик милдетин өтөп келгенден кийин студент кезинде курсташы Бегайым Макибаева менен үй-бүлө курат.

Студент кезинде бир эле учурда булгаары ишканасында, кийин Кыргыз радиосунун музыкалык редакциясында редактор болуп иштеп жүрүп, 1970-жылы окуусун аяктаган.

1971–73-жылдары ал аспирантурада окуган.

"Кыргызстан" басмасында редактор болуп иштеген.

1980-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинин (КУУнун) кыргыз филологиясы факультетинде иштеген.

1993-жылдан Жалал-Абат шаарындагы Экономика жана ишкердүүлүк университетинде окутуучу жана Жалал-Абат мамлекеттик университетинин кыргыз тили кафедрасынын башчысы болуп иштеген.

2003-жылдан Хусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык (азыркы Хусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик) университетинде кафедра башчысы жана кийинчерээк – профессор болуп (өмүрүнүн соңуна чейин) иштеген.

2021-жылы 30-январда жүрөгүнөн кармап каза болду (коронавирсука эч тиешеси жок).

Маркумдун сөөгү 2021-жылы 1-февралда анын керээзине ылайык туулган жеринде – Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек кыштагында жерге берилди. https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_ilim_2021_rajymcan-egemberdievdi_eskerueue_b-shamshiev_blog/31084724.html

==Илимий ишмердиги==
1 февраль 2021 жыл каза болгон кун https://kg.akipress.org/news:1679065

Р.Эгембердиев жарым кылымга жакын созулган илимпоздук, окутуучулук ишмердигин байсалдуу жүргүздү.

Ал 1992-жылы “Фразеологияны 11-класста окутуу”, 2007-жылы “Кыргыз тилиндеги фразеологизмдер” эмгектерин, андан тышкары 10-11-класстар үчүн окуу китептерин жазууга катышкан. Ал 2010-жылы чыккан “Азыркы кыргыз адабий тили” китебинин да авторлорунун бири.

Ал узак жылдар бою кыргыз тилинин өзгөчө туюнтмаларын - фразеологизмдин төркүнүн иликтөөгө жумшап, бул жаатта ондогон эмгектерди, окуулуктарды, жүздөгөн илимий макалаларды жазып, илим кандидаты, профессору болуп, илимге ынтызар шакирттерине жол көрсөтүп, кызыктуу өмүр кечирди.

Ал [[""Манас" эпосу|""Манас" эпосундагы]] фразеологизмдер" деген темада кандидаттык диссертация жактаган (1980).

Эпостогу [[фразеологизмдер]] жагдайындагы макалалардын, кыргыз тилине байланыштуу бир нече окуу китептердин автору.

==Ата-теги жана үй-бүлөсү==

Раимжан Эгембердиевдин теги – кыргыз; эн чоң уруусу – [[Адыгине (уруулук топ)|адигине]]; адигинеден – баргы; баргыдан – таз баргы.

Жубайы – Бегайым Макибаева 1947 жылы туулган (кыргыздын басыз уруусунун кызыл курт уругунан).

Жубайлар 1970-жылы КМУнун (азыркы КУУнун) филология факультетин чогуу аякташкан (ал түгүл алар курстагы бир топто окуган).

Бегайым Макибаева 1970-жылдан 2020-жылга чейин Бишкек шаарындагы М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында кыргыз тил адабиятынан мугалим болуп иштеген. Алар бир уул, үч кызды тарбиялсап өстүрүштү.

Уулу – Аскат Раимжанович Эгембердиев (16.11.1968 туулган). <ref>https://who.ca-news.org/people:25647</ref>

Кыздары: Анар Раимжановна Эгембердиева (11.03.1976), Асел Раимжановна Эгембердиева (28.12.1981) жана Бермет Раимжановна Эгембердиева (16.09.1984).

==Чыгармаларынын кыскача тизмеси==

* Фразеологияны 11-класста окутуу. Бишкек, 1992.

* Кыргыз тилиндеги фразеологизмдер. Бишкек, 2007.

* Азыркы кыргыз адабий тили. Бишкек, 2010 (калемдешип).

==Колдонулган адабияттарадабият==

==Колдонулган адабияттар==
*[["Манас" энциклопедиясы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4

==Интернеттеги шилтемелер==

* https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_ilim_2021_rajymcan-egemberdievdi_eskerueue_b-shamshiev_blog/31084724.html?nocache=1

* https://kg.akipress.org/news:1679065

* https://edu.gov.kg/ru/news/nekrolog-raimzhan-egemberdiev/

* https://barakelde.org/news:424484/

* https://who.ca-news.org/people:25647

* https://kg.akipress.org/news:1679065

* https://www.azattyk.org/a/1259804.html

==Ички шилтемелер==

[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Манас таануу]]
[[Категория:Кыргыз тили]]
[[Категория:Түркология]]
[[Категория:Ош облусу]]
[[Категория:1940-жыл]]
[[Категория:2021-жыл]]
[[Категория:21-кылым]]
[[Категория:Кыргызстан]]
[[Категория:КУУ]]
[[Категория:Манас эпосу]]