[[File:Довженко_Олександр3.jpg|230px|thumb|Александр Петрович Довженко]]
'''Довженко Александр Петрович Довженко''' [(30. 8(11. 9). 1894, азыркы Чернигов облусу, Сосницы кыштагы–кыштагы – 25. 11. 1956, [[Москва]]) ] –― [[Украина|украин]] кинорежиссёру, жазуучу, кинодраматург, РСФСРдин эл артисти (1950). 1914-ж. мугалимдер институтун бүтүргөн. Октябрь революциясынан кийин Украина эл агартуу комиссариатында иштеп, сүрөтчү катары гезит-журнал ишине катышкан. «Реформатор Вася» фильмине (1926) сценарий жазып, ага режиссёр болгон. Довженконун таланты өзгөчө «Звенигора» фильминен (1928) айкын көрүнгөн. Анын тарыхый-революциялык «Арсенал» (1929), Украинадагы коллективдештирүүнү көрсөткөн «Жер» (1930), алгачкы үндүү «Иван» (1932) жана граждандык согуш темасындагы «Щорс» (1939; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1941) фильмдери көрүүчүлөргө кеңири белгилүү. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында аскер кабарчысы болуп жүрүп, публицистик макала, очерк, аңгемелер жазган. «Боштондукка чыгаруу» (1940), «Биздин советтик Украина үчүн салгылаш» (1943) жана башка документ фильмдери – публицистик кинонун мыкты үлгүлөрүнөн. Согуштан кийин Довженко «Гүлдөгөн өмүр» аттуу пьеса жана сценарий жазып, ал боюнча «Мичурин» (1949; СССР мамлекеттик сыйлыгынын, 1949) фильмин тарткан. Довженкого «Деңиз жөнүндө поэма» (1959) фильминин сценарийи үчүн Лениндик сыйлыгы ыйгарылган (1959; өлгөндөн кийин). ВГИКте сабак берген. Довженко кино өнөрүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Киевдеги[[Киев]]деги көркөм фильмдер студиясы Довженконун ысмында. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.