Азербайжан тили: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: Көрсөтмөлүү оңдоо мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
1-сап:
'''Азербайжан тили''' - [[Азербайжан |Азербайжан Республикасынын]] мамлекеттик тили; жергиликтүү калктын жана Иран, [[Ирак]], [[Афганистан]], [[Грузия]], [[Армения]], [[Дагстан|Дагстан]] жана Орто Азия республикаларында жашаган азербайжандардын тили.

Түрк тилдеринин түштүк батыш же огуз тобуна кирет. 7-11-кылымда түрк тилдүү уруулардын (огуз, селжук) Азербайжан жерине келиши менен жергиликтүү элдердин мурда колдонгон тилдери сүрүлүп, 11-13-кылымда жергиликтүү элдердин оозеки тили түрк тили болуп, ал азербайжан адабий тили катары калыптана баштаган. Азербайжан тилинде 4 диалектилик топ белгиленет: чыгыш тобу, түштүк тобу, батыш тобу, түндүк тобу. Азербайжан адабий тили шемахи жана бакы диалектилеринин негизинде 19-кылымда калыптанган. Азербайжан тили өзүнүн грамматикалык, лексикалык белгилери боюнча азыркы түрк, түркмөн, гагауз, башкача айтканда, огуз тобундагы тилдерге жакын. Кээ бир фонетикалык өзгөчөлүктөрү боюнча ногой, кумык, өзбек тилдери менен да жакындашат. Азербайжан тилинде 9 үндүү, 23 үнсүз тыбыш бар. 1929-ж. чейин араб графикасын колдонгон, ошол жылдан латын, э, ө, ү тамгаларын кошумчалап, 1940-ж. орус графикасына өткөн. Азыр кайрадан латын графикасын колдонот.
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
 
[[Категория:Азербайжан тили]]
[[Категория:Тилдер]]