Аббас I: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
 
1-сап:
'''Аббас I''' (27. 1. 1571, Казвин 19. 1. 1629, Исфакан) Ирандын шахы (1587-жылдан), Сефевиддер династиясынан. Борборлоштурулган бийликти бекемдеп, түрктөрдөн эмес, отурукташкан ирандыктардан түзүлгөн жарандык бюрократиянын ролун күчөткөн. А. I Ирандын борбордук райондорун чет жакадагы аймактардын жана багындырылган өлкөлөрдүн эсебинен чыңдаган. Анын тушунда мамлекеттин борбору Исфакан шаарына (1598) көчүрүлөт. Ирандын ички провинцияларына армян, грузин, азербайжан, курд кол өнөрчүлөрүн жана дыйкандарды күч менен жер которуштурган. Өлкөдө жолдор, каналдар, кербен сарайлар салынган, регулярдуу аскерлерди топтогон. [[Түркия]] менен согушуп, Закавказье, [[Ирак]], Хорасандагы үстөмдүгүн калыбына келтирген жана Бахрейн аралын, Кандагарды жана Ормуз аралын басып алган. Ал Европа өлкөлөрүнүн маданиятына кызыккан, бир катар өлкөлөр менен соода жана саясий мамилелерди түзгөн. Аббастын тушунда Иран көзкаранды эместикке жетишкен жана өзгөчө күчтүү өлкөгө айланган.
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
 
[[Категория:Инсандар:Азербайжан]]
[[Категория:Иран]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Аббас_I" булагынан алынды