Дүйнөнүн жети керемети: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
4-сап:
 
==Родосс Колоссу==
Биздин заманга чейин 3-кылымда Родос аралына Деметрий деген аскер башчы чабуул койгон. Бирок, ал родостуктарды жеңе алган эмес. Ошондон родостуктар чоң статуяны тургузуунутургузмак чечишкенболушат. Бул родостук Колосс - деп аталган. Бизче аталышы - заңкайган мамы. Колосс абдан чоң айкел болгон. Ал азыркы Түркиянын жээгиндеги Эгей деңизинин жанында жайгашыптыр. Колодон жасалып, бийиктиги 36 метр болгон өспүрүмдүн бул статуясын родостуктар колдоочубуз деп эсептешкен. Колосс канчалык бекем орнотулбасын, 50 жылдан кийин жер титирөөдөн кулап түшкөн. Ошол кулаган жеринде тогуз жүз жыл жатат да, биздин заманга чейин 654-жылы сириялык князь Родосту басып алып, айкелдин коло кабын сыйрып алып, токсон төөгө жүктөп кетиптир.
==Галикарнастагы мавзолей==
Биздин заманга чейин 377-жылдан 353-жылга чейин Мавсол Каринин башкаруучусу болгон. Азыркы [[Түркия Республикасы|Түркиянын]] Бодрум шаарынын мурунку аталышы Галикарнас болгон экен. Мавсол падыша аялы экөөнө арнап дүйнөнү суктандыра турган күмбөз курдура баштайт. Бирок, күмбөз бүткүчө Мавсол көз жумат да, күмбөздүн аягын биздин заманга чейин 350-жылдары жесири Артемисиа бүткөрөт. Күмбөз падышанын атынан "Мавзолей" деп аталып, ошол жерде алтын урнада анын сөөгүнүн күлү сакталган. Мавзолей деген сөз, бул имараттын атынан келип чыккан. Бул мавзолейди 15-кылымда крестүүлөрдүн жортуулу учурунда чеп куруу үчүн бузуп, кыштарын ташып кетишкен. Кийин археологдор жердин астынан 2 чоң эстеликти, ошондой эле түрдүү буюм-тайымдарды таап чыгышкан. Ал эстеликтер байыркы жубайлардыкы катары болжонуп, 1857-жылы бул табылгалар Лондондун Британ музейине жөнөтүлгөн. Ушул күндөрү күмбөз ордунда үйүлгөн гана таш тоосу бар дешет.