Алыкул Осмонов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
42-сап:
А.Осмонов 1938-жылы 9-апрелде СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өткөн. Ошол эле жылы “Ардак белгиси” ордени, 1946-жылы “1941–1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги каарман эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.

1950-жылы [[Москва]]да орус тилинде жарык көргөн “Мой дом” аттуу ырлар жыйнагы адабият боюнча [[Сталин, Иосиф Виссарионович|Сталин]]дик сыйлыктын талапкерлигине көрсөтүлөт.

А.Осмоновго 1967-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын №1 лауреаттык күбөлүгү ыйгарылган. 1986-жылы Кыргызстан Улуттук Жазуучулар союзу Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты жана жаштар арасында жыл сайын өтүүчү “Алыкулдун Акбозат” поэзия майрамын уюштурган.

1988-жылы [[Бишкек]]теги №68 мектепке, 1990-жылы [[№9 китепкана]]га акындын ысмы ыйгарылган. Кыргызстанда жалпысынан 20га жакын мектеп жана тоо чокусу (4060м), бир кеме “Алыкул” наамында.

А.Осмоновдун алтымыштан ашык ырларына обон чыгарылып, М.Убукеев, Л.Турусбекова, С.Ишенов сыяктуу кинорежиссерлор акын тууралуу тасма тартышкан.
[[Файл:200 som 2010 ob.jpg|thumb|2010-жылдагы 200 [[Кыргыз сому|сом]]]]
Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги “Дүйнөлүк акындар” альманахына кирген.

Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги “Дүйнөлүк акындар” альманахына кирген.

А.Осмоновдун чыгармалары орто мектепте, жогорку окуу жайларда кеңири окутулат. Анын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча көптөгөн адабий, публицистикалык жана илимий эмгектер, китептер жазылуу менен кыргыз адабият тарыхында Алыкултаануу багыты улам кеңири кулач жаюуда.