Алымкул Аталык: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''Алымкул Аталык''', '''Молдо Алымкул''' (Алымкул Асан бий уулу; 1829–жылы же 1831-жылы туулган - 1865-жылы май айында ок жаңылып, жарааттан өлгөн) – Кокон хандыгынын даңазалуу аскер башчысы; түштүк кыргыздардын төбөлдөрүнүн ж-а саясий ишмерлеринин бири.

==Кыскача өмүр таржымакалы ==
Алымкул Асан бий уулу - кыргыздын ичкилик тобундагы кыргыз-кыпчак уруусунан. Бала чагында Бужум-Баткендеги мусулман мектебинен билим алып, кийин [[Анжиян]], Кокондогу медреседен окуган. Ал жездеси Тагайкул датканын жардамы м-н аскер ишин өздөштүргөн. Кезегинде ал [[Алымбек датка|Алымбек даткага]] кошулуп, [[Кудаяр хан|Кудаяр хандын]] ордуна [[Мала хан|Мала ханды]] көтөрткөн. 1862-ж. [[Мала хан]] өлтүрү-лүп, тактыга Шаамурат олтурат, ал эми А.а. хандыктын башкы вазири болуп дайындалат. 1863-ж. жазында А.а. төңкөрүш уюш-туруп, тактыга Мала хандын уулу Султан Саидди отургузат да иш жүзүндө хандыкты өзү башкарган (1863–65). 1865-ж. [[Ташкен]]дин жанында орус падышалыгына каршы согушта жаракат алып, каза тапкан.

Он тогузунчу кылымдагы кыргыз тарыхынын орчундуу бөлүгүн камтыган [[Кокон хандыгы]]нда Алымкул аталыктын өз орду бар. Тарыхы санжырага айланып, отуз беш жашка жетип-жетпеген өмүрүндө кыргыз, казак, өзбектерге эле эмес, түрк султандарына чейин таанымал болгон. Ал Кокон бийлигинин туткасын кармоодо ырыскы талашкан замандаштарынан билимдүүлүгү менен айрымаланган.

Алымкул Асан уулу 1829-жылдын ар жак бер жагында жарык дүйнөгө келгендиги тууралуу маалыматтар бар. Молдо Алымкул жаштайынан Баткендеги мусулман мектебинен билим алып, андан соң Анжиян, Кокондогу медреселерден илимин жогорулаткан. Кыргыздын ичкилик уруу бирикмесинин кыпчак уруусунан чыккан Алымкулдун таржымалы тууралуу бүгүнкү күндөгү Өзбекстандын Коргонтөбө районуна караштуу Таштак айылында жашап өткөн Гуламкадыр Кенжеев мындай пикирин айткан:

- Алымкулдун туулуп өскөн айылы Таштак болот. Өзбекстандын Анжиян облусу, Коргонтөбө району Комсомол айылы. Балдары, небере, чөбөрөлөрү, урпактары ошол жерде. Молдо Алымкулдун уруусу таз. Таздын ичиндеги шилекейлерден болот. Молдо Аламкулдун атасын Асан шилекей дешкен, кийин Асан бий болгон. Мен бул сөздү көпчүлүк аксакалдардан уккам.

Албетте, атанын уулу катары улуулардан калган нусканы бекем сактаган урпактарынын эсинде көп маалыматтардын так эстелип калышы жакшы жышаан. Он тогузунчу, жыйырманчы кылымдар боюнча адистешкен тарых илимдеринин доктору, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти маркум Кушубек Үсөнбаев мындай деп айткан эле:

Line 35 ⟶ 37:
Чочкого уруп өзүңдү,

Шейит болдуң Алымкул - деп Алымкул аталыктын кыргыздын 19-кылымдагы чыгаан патриот уулу, гумманист жана философ акындардын ири өкүлү, тарыхчы жана саякатчы Молдо Нияз бабабыз өз учурунда каны какшап санат калтырган экен.

{{no iwiki}}

==Пайдаланылган адабиятттар==
48-сап:
[[Категория:Борбордук Азия]]
[[Категория:1865-жыл]]
[[Категория:Инсандар:Өзбекстан]]
[[категория:Орусия]]
[[категория:кыргыз таануу]]