'''АЗАОхна братансымап кени''' ― Айзатбек ошко кетип жатат [[Баткен облусу|Баткен облусунун]] Кадамжай районунда, Фрунзе шаарчасынан түштүк тарапта, Катраңтоонун түштүк этегиндеги Охна өрөөнүндө жайгашкан. 1926-ж. табылган. Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон чөкмө тоотектер түзөт. Сымап рудалары тектоникалык жаракалардын үстүнкү капталдарындагы акиташ тегинин брекчияларында кездешет. Брекчияда акиташ тегинин талкаланган кесекчелери кальцит менен камдашкан. Киноварь кристалл түрүндө ошол кальциттерде байкалат. Брекчия тилкесинин калыңдыгы 1–2,5 ''м'', чанда 5 ''м''ге жетет. Руда тулкулары негизинен линза, тарам сымал болуп, алардын калыңдыгы 1–2 ''м'', узундугу 10–15 ''м''ден ашпайт. Негизинен минералы киноварь, чанда нукура сымап кездешет.