Экономика: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Белги: 2017 source edit
15-сап:
Экономикалык жазуулар Месопотамия, Грек, Урум, Индистан субконтинентинен, Кытай, Персия жана Арап цивилизацияларынан башталган. Экономикалык осуяттар Боэотиялык акын Гесиоддун жазуу мезгилинде пайда болгон жана бир нече экономикалык тарыхчылар Гесиоддун өзүн "биринчи экономист" деп мүнөздөшкөн. Антикалык мезгилден Ранессанска чейинки белгилүү жазуучулардын катарына Аристотел, Ксенофон, Чанакя (Каутиля деп да белгилүү), Чин Ши Хуаң, Томас Акуинас жана Ибн Калдун кирет. Жозеп Шумпетер Акуинасты табигый мыйзамдын чегинде акча, пайыздык жана баалуулук теориясын "илимий экономиканын негиздөөчүсү болууга башка топторго караганда жакыныраак" деп мүнөздөгөн.
 
[[File:Lorrain.seaport.jpg|thumb|upright=1.15|Меркантилизмдин алтын чагында Прансуз лиманынын 1638 сүрөтү|alt=A seaport with a ship arriving]]

Кийинчерээк "меркантилисттер" жана "физиократтар" деп аталган эки топ, теманын кийинки өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен. Эки топ тең Эуропа'да экономикалык улутчулдуктун жана заманбап капитализмдин күч алышы менен байланыштуу болгон. Меркантилизм, соодагерлер болобу же мамлекеттик ишмерлер болобу, өнүккөн брошүралык адабиятта 16чы кылымдан 18чи кылымга чейин өнүккөн экономикалык доктрина болгон. Анда улуттун байлыгы анын алтын менен күмүштүн топтолушунан көз каранды деп айтылган. Доктрина экспорттолуучу товарларды өндүрүүдө колдонула турган арзан чийки заттарды импорттоону жана чет өлкөлүк өндүрүш товарларына коргоочу тарифтерди киргищүүнү жана колонияларда өндүрүшкө тыюу салууну мамлекеттик жөнгө салууну талап кылган.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Экономика" булагынан алынды