Эдинбург: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
 
1-сап:
'''Эдинбург''' - [[Улуу Британия|Улуу Британиядагы]] [[шаар]].
[[Шотландия|Шотландиянын]] борбору (1437-жылдан). Климаты мелүүн деңиздик. Январдын орточо температурасы 40°С, июлдуку 15,1°С. Жылдык жаан-чачыны 750 мм. Калкы 452 миң ([[2010]]; шаар айланасы менен 730 миң). Жолдор тоому. Т. ж. бекети, эл аралык аэропорту бар. Түндүк деңиздеги Ферт-оф-Форт булунундагы деңиз порту. Шаардын экономикасынын негизин банк-финансы, туризм, билим берүү жана жогорку технологиялар тармагындагы илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштеп чыгуулар түзөт. Фармацевтика, [[машина куруу]], [[Металл иштетүү жана тоо-кен иши|металл иштетүү]], [[Целлюлоза|кагаз-деллюлозацеллюлоза]], полигр., жеңил, тамак-аш (а. и. [[Пиво]] кайнатылат, [[виски]] өндүрүшү өнүккөн) өнөр жай ишканалары иштейт. [[ЖОЖ|ЖОЖдор]] (а. и. Шотландия академиясы, университет), [[Музей|музейлер]] (а. и. Шотландия королдорунун), улуттук сүрөт галереясы ж. б. бар. 15-16-кылымда Шотландия королдугунун борбору болгон.
 
Сент-Маргрет [[Капелла|капелласы]] (12-к.), готика стилиндеги Сент-Жайлс собору (14-16-к.), шотландия королдорунун Холируд ак сарайы (12-17-к.), классицизм стилиндеги (18-19-к) курулуштар сакталган. Шаардын тарыхый бөлүгү 1995-ж. Бут кул дуйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Жыл сайын эл аралык фестивалдар өткөрүлүп турат. [[Туризм]] (жылына 13 млнго жакын турист келет) өнүккөн.
 
==Колдонулган адабияттар==
*[[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы|«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия]]: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
[[Категория:Улуу Британия]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Эдинбург" булагынан алынды