Легенда: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
1-сап:
'''Легенда''' ({{lang-la|legenda}} — окууга сунуш кылынуучу деген мааниде) — белгилүү тарыхый окуя же тарыхый адамдар жөнүндө кыскача баян. Легендаларда окуя апыртмалуу болот, бирок анда чындыктын үлүшү бар, анткени алар белгилүү тарыхый фактынын негизинде жаралат. Легендалар элдин өткөн замандагы турмушун, тарыхый окуяларын иликтөөдө бай маалымат берет. [[Кыргыздар|Кыргыздарда]] сараңдыгынан жер жуткан Карымбай, сынчы [[Толубай сынчы|Толубай]], ырчы [[Токтогул Сатылганов|Токтогул]], уруу чабыштары, элдик баатырлар жонундожөнүндө легендалар айтылат. Элдик уламыштардын негизинде жазылган [[Алыкул Осмонов|А. Осмоновдун]] «Ысык-Көл», «Жыл талашуу» сыяктуу легендалары бар. Легендалар көркөм адабиятта кеңири пайдаланылат. Буга [[Ч. Айтматов|Ч. Айтматовдун]] [[Гүлсарат (повести)|«Гүлсарат»]] повестиндеги мергенчи жөнүндөгү, [[Кылым карытар бир күн|«Кылым карытар бир күндөгү»]] [[Манкурт|Маңкурт]], Раймалы ырчы женүндөгү легендаларды көрсөтүүгө болот. Уламыштар тематикасына карай тарыхый, топонимикалык, диний, этникалык, антропонимикалык ж. б. мүнөздөрдө болот.
 
Мисалы, сентябрдын башында болсо, кышында кар күзүндө бир топ менен күн күркүрөп бар, ал эми күзүндө жылуу болот.<ref>[https://365calend.ru/day-omens/autumn/september-autumn Сентябрда Folk төлгө жана белгилерди-сентябрда аба-ырайы.]</ref>
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Легенда" булагынан алынды