Помпей: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
мNo edit summary
 
1-сап:
'''Помпей''' – [[Италия|Италиянын]] түштүгүндөгү шаар. Кампания областында Неополь булуңунун жээгиндеги [[Везувий]] [[Жанар тоо|жанар тоосунун]] этегинде жайгашкан. Калкы 25 миң (2010). Негизинен калкы [[Турист|туристтерди]] тейлешет. Геофизикалык обсерватория бар. Шаарга жакын байыркы Помпей шаарынын урандылары жайгашкан. Ал биздин замандын 79-жылы Везувий жанар тоосунун атылышынан 7–9 м калыңдыктагы күл астында калган. Казуу иштери 18-кылымдын ортосунан, кийин 1940–50-жылдарда жүргүзүлүп, шаардын көп бөлүгү, шаар дарбазасынын жанындагы [[көрүстөн]] жана анын четиндеги кооз жайлар ачылган. Помпей капысынан кыйрагандыктан, анда храмдардын, [[Театр|театрдын]], ошондой эле [[скульптура]], [[мозаика]] менен кооздолгон көптөгөн турак үйлөрдүн калдыктары жакшы сакталып калган. Помпей – биздин замандын 1-кылымындагы [[Байыркы Рим|Рим империясынын]] чарбасы, турмушу, маданиятты жана искусствосунан маалымат берүүчү маанилүү булак. 1997-жылы Шаардын [[Археология|археологиялык]] зонасы [[Бүткүл дүйнөлүк мурас|Бүткүл дүйнөлүк мурастын]] тизмесине киргизилген.
[[Категория: Шаарлар]]
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Помпей" булагынан алынды