* 1) атайын максатта дайындалган же шайланган үч адамдан турган коллегия (мисалы., б. з. ч. 133-ж. Тиберий Гракхтын жер реформасын жүргүзүү үчүн);
* 2) жарандык согуш мезгилинде (б. з. ч. 1-к.) мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн таасирдүү саясий ишмерлер менен кол башчылардын союзу.
Биринчи Триумвират б. з. ч. 60 (же 59)-53-ж. [[Юлий Цезарь|Ю. Цезарь]], [[Помпей Гней|Г. Помпей]], М. Красстын ортосунда түзүлүп, ага Ю. Цезарь жетекчилик кылган. Алар легиондорго таянган. Биринчи Триумвират түзүлгөнден көп өтпөй эле ал Рим өкмөтүнө айланган. Б. з. ч. 53-ж. М. Красе өлгөн соң Г. Помпей менен Ю. Цезардын каршылашуусунан 1-Триумвират жоюлган. Экинчи Триумвират б. з. ч. 43-ж. Ю. Цезарь өлгөндөн кийин башталган жарандык согуш убагында [[Октавиан Август|Октавиан]], [[Антоний Марк|М. Антоний]], М. Лепиддин ортосунда Ю. Цезарды өлтүрүүчүлөргө каршы түзүлгөн. Ал 1Триумвираттан1-Триумвираттан айырмаланып, коминия менен бекип, триумвираттар «мамлекеттик пштерди уюштуруу үчүн» деген атайын полномочие алган. Б. з. ч. 36-ж. пчки карама-каршылыктардын натыйжасында ал да жоюлган.
* [[Кыргыз Совет Энциклопедиясы]]. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.▼
▲Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.