Телефон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
'''Телефон, тилсым''' (Манас байанынан)''' ('''теле'''... ''алыс'' жана грекче '''phone''' – ''үн'' = ''алысүн'') – 1) электр термелүүсүн үн термелүүсүнө (сүйлөө речине) өзгөртүүчү электр-акустикалык прибор. Өзгөртүү принциби боюнча Телефон электр-магниттик, электрдинамикалык жана пьезоэлектрдик болуп айырмаланат. Мобилдүү Телефондорго: уюлдук Телефон – уюлдук байланыш тармактарында иштөөчү Телефон, ал – татаал жогорку технологиялык электрондук түзүлүш, радио кабыл алып-бергич, башкаруунун адистештирилген көзөмөлдөгүчү, түстүү монохромдук дисплей, интерфейстик түзүлүш жана аккумулятордон турат. Анын төмөнкүдөй түрлөрү да бар, камерофон – фотоаппараттын жана видеокамеранын милдетин дагы аткаруучу мобилдүү Телефон, мультимедиалык Телефон (плеерфон, мьюзикфон, музыкалык телефон) – аудио видеофайлдарды ж. б. кайра жаратуунун кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрү бар адистештирилген мобилдүү Телефон Смартфон – толук операциялык сиетемалуу мобилдүү Телефон (Symbian OS, Windows Mobile, Palm OS ж. 6). Мындай Телефонго жаңы программалар орнотулат: IM- кардарлар, кеңсе пакеттери, органайзерлер, аудио, видеоойноткучтар, коңгуроону башкаруу программалары, браузерлер ж. б. Коммуникатор – мобилдүү Телефондун милдетин да аткаруучу жеке чөнтөк компьютер. Бизнес-Телефон – корпоративдик пайдалануучулар үчүн адистештирилген Телефон, мында тексттүү документти жана электрондук таблицаны кароо, электрондук почта менен иштөө, органайзердин маалыматын корпоративдик сервер менен синхрондоштуруу ж. б. иштерди аткарууга мүмкүндүк берет. Зобололуу Телефон – сырткы түрүнүн кооздугу жана аткарган милдеттери көзгө тез чалдыккандыгы менен өзгөчө. Ошондой эле спутниктик Телефон, конференция Телефону, видеотелефон, IP-Tелефон ж. б. түрлөрү бар. Телефондун бардыгы электр-акустикалык мүнөздөмөлөрүнүн туруктуулугу, нымдан ишенимдүү корголгон жана бузулганда алмашуунун женилдиги камсыз кылынган; 2) Телефон аппаратынын күндөлүк турмушта аталышы; 3) сүйлөшүүлөрдө Телефон аппараттын (абоненттик орнотмосунун) номери; 4) Телефон байланышынын жалпы кыскача аталышы.
 
1860-жылы табиятсыноочу Антонио Меуччи Нью-Йорктогу италия гезитенде электр зымдары аркылуу үндү берүүчү түзүлүшү жөнүндө макала жарыялаган. Өзүнүн аппаратын Меуччи Teletrofono атаган. 1871-жылы ага патент алууга аракет кылат, бирок каражаттын жоктугунан ою ишке ашпай калат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Телефон" булагынан алынды