Күн тутуму: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
5-сап:
Күн системасын Күн жана өзүнүн жандоочулары менен бирге планеталар түзөт. Ал эми жылдыздар планеталарга караганда салыштырууга мүмкүн болбогондой бизден өтө алыс турушат. Белгилүү планеталардын ичинен өтө алыс планета – Плутон Күнгө караганда Жерден болжол м-н 40 эсе алыс турат. А тургай Күнгө өтө жакын жылдыз бизден 7000 эсе алыс жайгашкан. Планеталар менен жылдыздарга чейинки аралыктардын өтө чоң айырмачылыктарын даана элестете билүү зарыл.
 
Күндүн тегерегинде 98 ири планета эллипс боюнча (айланадан өтө аз айырмалуу) дээрлик бир тегиздикте айланышат. Планеталардын Күндөн алыстыгы ирээти менен алганда төмөнкүдөй: [[Меркурий]], [[Чолпон]], [[Жер]] (Ай менен бирге), [[Марс]], [[Юпитер]], [[Сатурн]], [[Уран]], [[Нептун]] жана [[Плутон]]. Андан тышкары күн системасында кичине планеталар орун алып, алардын көпчүлүгү Марс менен Юпитердин ортосунда кыймылдашат. Күн айланасында анчалык чоң эмес, абдан сейректелген газ курчалган [[комета|кометалар]] (гр. «саксагай жарык чыгаруучу») айланат. Алардын көпчүлүгү Плутондун [[орбита]]сынан да чыгып кеткен эллипс түрүндөгү орбитага ээ.
 
Мындан сырткары, өлчөмдөрү кум күкүмүнөн баштап майда астероиддерге чейинки сансыз көп [[метеорит|метеордук телолор]] Күн айланасында эллипс боюнча айланышат. Алар [[астероид|астероиддер]] жана кометалар менен бирге күн системасынын кичине телолоруна таандык. Планеталардын арасындагы мейкиндиктер өтө сейректелген газ жана космостук чаңдар м-н толгон. Аларды электр-магниттик нурлануу аралап өтүп турат, ал магниттик жана гравитациялык талааны алып жүрүүчүлөр болуп саналат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Күн_тутуму" булагынан алынды