Телефон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
'''Тилсым,тилсим''' (Манас байанынан: ТМВда бул сөз '''бир орундан экинчи орунга кабар жеткирүүчү нерсени''' билдирет. Чоң казаттагы Алмамбет менен Сыргактын чалгыны бардык варианттарда бар. Негизги варианттарда (Сагымбай Орозбаковдун варианты, Саякбай Каралаевдин варианты варианты) келаткан душман жөнүндөгү кабарды Коңурбайга куу өрдөк жеткирет. Ал эми ТМВда кароолдо турган куш, жаныбарлар кабарды тилсым менен билдиришет. Мисалы, Коңурбай алты миң устага тилсым капкан жасаттырып, жолго коюп коёт. Ал капкан душмандын келатканын Т. аркылуу Бээжинге жеткирет. "Асылы жин Куу өрдөк Кан Коңурдун тилчиси. Сым менен кабар берчүсү" (ТМВ, Кол жазмалар фондусу, 1071-инв., 416-б.). Демек, мында '''тилсым''' телефон деген сөздүн синоними катары колдонулуп жатат. Аны манасчынын кийинки кездеги илим менен техниканын жаңылыктарын эпоско киргизүүгө болгон аракети катары түшүнүүгө болот) '''Телефон'''('''теле'''... ''алыс'' жана грекче '''phone''' – ''үн'' = ''алысүн'') – 1) электр термелүүсүн үн термелүүсүнө (сүйлөө речине) өзгөртүүчү электр-акустикалык прибор. Өзгөртүү принциби боюнча Телефон электр-магниттик, электрдинамикалык жана пьезоэлектрдик болуп айырмаланат. Мобилдүү Телефондорго: уюлдук Телефон – уюлдук байланыш тармактарында иштөөчү Телефон, ал – татаал жогорку технологиялык электрондук түзүлүш, радио кабыл алып-бергич, башкаруунун адистештирилген көзөмөлдөгүчү, түстүү монохромдук дисплей, интерфейстик түзүлүш жана аккумулятордон турат. Анын төмөнкүдөй түрлөрү да бар, камерофон – фотоаппараттын жана видеокамеранын милдетин дагы аткаруучу мобилдүү Телефон, мультимедиалык Телефон (плеерфон, мьюзикфон, музыкалык телефон) – аудио видеофайлдарды ж. б. кайра жаратуунун кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрү бар адистештирилген мобилдүү Телефон Смартфон – толук операциялык сиетемалуу мобилдүү Телефон (Symbian OS, Windows Mobile, Palm OS ж. 6). Мындай Телефонго жаңы программалар орнотулат: IM- кардарлар, кеңсе пакеттери, органайзерлер, аудио, видеоойноткучтар, коңгуроону башкаруу программалары, браузерлер ж. б. Коммуникатор – мобилдүү Телефондун милдетин да аткаруучу жеке чөнтөк компьютер. Бизнес-Телефон – корпоративдик пайдалануучулар үчүн адистештирилген Телефон, мында тексттүү документти жана электрондук таблицаны кароо, электрондук почта менен иштөө, органайзердин маалыматын корпоративдик сервер менен синхрондоштуруу ж. б. иштерди аткарууга мүмкүндүк берет. Зобололуу Телефон – сырткы түрүнүн кооздугу жана аткарган милдеттери көзгө тез чалдыккандыгы менен өзгөчө. Ошондой эле спутниктик Телефон, конференция Телефону, видеотелефон, IP-Tелефон ж. б. түрлөрү бар. Телефондун бардыгы электр-акустикалык мүнөздөмөлөрүнүн туруктуулугу, нымдан ишенимдүү корголгон жана бузулганда алмашуунун женилдиги камсыз кылынган; 2) Телефон аппаратынын күндөлүк турмушта аталышы; 3) сүйлөшүүлөрдө Телефон аппараттын (абоненттик орнотмосунун) номери; 4) Телефон байланышынын жалпы кыскача аталышы.
 
1860-жылы табиятсыноочу Антонио Меуччи Нью-Йорктогу италия гезитенде электр зымдары аркылуу үндү берүүчү түзүлүшү жөнүндө макала жарыялаган. Өзүнүн аппаратын Меуччи Teletrofono атаган. 1871-жылы ага патент алууга аракет кылат, бирок каражаттын жоктугунан ою ишке ашпай калат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Телефон" булагынан алынды