Каравелла: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
мNo edit summary
 
1-сап:
'''Каравелла''' (италия тилинде {{lang-it|caravella}}) – бир палубалуу, бийик борттуу, маңдайкы жана арткы бөлүгүндө курулмалары бар парустуу деңиз кемеси. 13–17-кылымдарда Жер ортолук деңизиндеги өлкөлөрдө (Италия, Испания жана Португалия) соода жүргүзүү үчүн кеңири колдонулган. Каравелла 3–4 мачталуу жана эки алдыңкы мачталары түз парустуу, ал эми арткы (бизань) мачтасы латын парусунан турат. Латын парусунун түз парустан айырмасы – мачтага тик эмес, кеменин огуна жарыш жайгашкан. Мындай кеме менен 1442-жылы Христофор Колумб Атлантика океаны аркылуу сүзүп өткөн, 1498-жылы Васко да Гамма Европадан Индияга саякат жасаган. Ал эми Фердинандо Магеллан 1922-жылы Жерди айланып чыккан.
[[Категория:Терминдер жана түшүнүктөр]]
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Каравелла" булагынан алынды