Повесть: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
'''Повесть (кысса)''' — көркөм адабияттагы эпикалык түрдүн бир жанры; көлөмү, турмушту сүрөттөө жагынан роман менен аңгеменин аралыгында турат. Сюжеттин борборун баш каармандын тагдыры ээлейт, чыгармадагы негизги маселе ошол каармандын өмүр тагдыры аркылуу чечилет. Повестте доордун татаал карама-каршылыктары романдагыдай кеңири планда камтылбайт, негизинен анын урунттуу учуру гана көрсөтүлөт. Мисалы, К. Баялинов «Ажар» повестинде Ажардын оор тагдыры аркылуу Октябрь революциясынын алдындагы кыргыз аялдарынын теңсиз турмушун, социалдык күрөштү ачык көрсөткөн. Адабиятта ички структурасы, камтылган мазмуну боюнча ангеме (Н. Гоголдун «Шинель») жана роман (Ч. Айтматовдун «Гүлсарат») жанрына жакын Повесттер бар. Ошондой эле анын ыр түрүндөгү (Б. Сарногоевдин «Баяс», М. Сейталиевдин «Медина» ж. б.) үлгүлөрү да кездешет.
[[Категория:Адабият]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Повесть" булагынан алынды