Жалал-Абад облусу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
жанылануу
90-сап:
 
==Калкы==
Облустун калкы республиканын калкынын 18,7%ын (2009; 993,8 миң) түзөт. Анын 23,0%ы (228,3 миң) шаарларда, калган 76,0%ы (765,5 миң) айыл-кыштактарда турат. Калкынын саны боюнча республикада Ош облусунан кийин 2-орунда. Көп улуттуу; басымдуу бөлүгү кыргыздар (2006; 71,0%), ошондой эле өзбек (24,6%), орус (1,2%), тажик (0,6%), түрк (0,6%), татар (0,5%), украин (0,1%) жана башка улуттардын өкүлдөрү да жашайт. Калктын орточо жыштыгы жалпы республиканыкына караганда бир аз жогору: 1 км2 жерге 29 адам (республикада 26) туура келет. Шаарлары: Жалал-Абад (облустун борбору, 97,2 миң), Таш-Көмүр (31,7 миң), Кара-Көл (20,8 миң), Майлы-Суу (22,8 миң), Кочкор-Ата (14,8 миң), Кербен (13,2 миң), Көк-Жаңгак (915,36 миң); шаарчалары: Кызыл-Жар (2,6), Кетмен-Төбө (1,9 миң), Көк-Таш (2,7 миң), Сумсар (6,0 миң), Терек-Сай (2,4 миң), Токтогул (16,4 миң), Шамалды-Сай (9,5 миң). Облустун калк көп жашаган айылдары (2009-жылы эл каттоо): Базар-Коргон (33,4 миң киши), Сузак (24,0 миң), Масы (13,9 миң), Казарман (9,5 миң), АлаБука (10,8 миң), Каныш-Кыя (2,4 миң).
 
Облустун жалпы калкынын жаш курактары боюнча бөлүнүшү: 16 жашка чейинки жаштардын саны 2006-жылы 388,1 миң адам (жалпы калктын 40,1%), эмгекке жарактуулары 510,4 миң