Түркстан тоо кыркасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Белги: Жаңы багыттама
Белги: Removed redirect
1-сап:
#REDIRECT [[Файл:Turkestan mountains near Kara-Suu.JPG|thumb|Түркстан кырка тоосу.]]
[[Файл:Turkestan mountains near Ozogurush.jpg|thumb|Түркстан кырка тоосу.]]
'''Түркстан кырка тоосу''' түндүк капталы [[Кыргызстан]]дын [[аймак|аймагына]] караштуу. Ал [[Алай кырка тоосу]]нун батыш уландысы болуп, [[Фергана өрөөнү]]нүн батыш жагын түштүгүнөн курчап турат. Матча ашуусунан башталып, Жизак шаарынын меридианына чейин 300 км ге созулуп жатат. Чыгыш жагынын бийиктиги 5000 м ден ашык, батышка карай акырындап төмөндөп, 2000 м бийиктикте Нура-Ата тоосуна өтүп кетет. Кыргызстандын аймагына [[Сох, суу|Сох]] суусунун төрүнөн Ак-Суунун алабына чейинки 140 км ге жакын бөлүгү караштуу. Эң жазы жери —20 км, эн бийик жери —5622 м.
 
Туурасы батышында 10–15 км, чыгышында 30 кмге чейин. Түн. ж-а түн.-батыш этеги Ачталаа ж-а Фергана өрөөнүнүн батыш бөлүгү м-н чектешет. Кыры батыштан чыгышка карай бийиктейт. Эң бийик жери – Аскалуу чокусу, 5621 м, башка бийик чокулары: Кишемишбашы (5290 м), Гранит (5278 м), Аксуу (5355 м),Сабах (5300 м), Парах (4743 м), Пирамида (5509 м) ж. б. Тоо асимметриялуу түзүлүштө: түш. бети тик (уз. 10–15 км), түндүгү жантайыңкы (уз. 60–80 км). Түн. капталы тоо кырына жарыш жаткан бир нече тоо тилкелеринен турат. Ирилери: Дауд, Адыгинетоо, Алтынбешик, Акташ, Сухумтоо, Көкчөтоо, Жамангул, Тохтабуз, Майдантоо, Каратоо, Белисынык ж.б. Алар тоо аралык депрессиялар – өрөөндөр (ойдуңдар) м-н бөлүнгөн.
 
== Геология ==
Түзүлүшү татаал. Негизинен силур, девон, карбон, бор, юра мезгилдеринде пайда болгон кумдук, чопо, сланец, акиташ, конгломерат ж-а алевролит тектеринен турат. Т. к. т-нун аймагында пермь мезгилинде жиреп чыккан гранит тектери да таралган. Тоо аралык ойдуңдар м-н өрөөндөрдө төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрү жайгашкан. Тоо тар- мактары тектон. жаракалар м-н тилмеленген. [[Гранит|Граниттүү]] [[пегматит]] тарамдарында калайдын, мусковиттин ж. б-дын ө. Ж-лык маанидеги кендери бар. Юра мезгилинин тектеринен таш көмүр кени табылган. Т. к. т-ндагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 750 км2. Көбү орто ж-а чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Ирилери: түш. капталында –Заравшан (уз. 28 км), Фарахнау (16 км), Толстой (11,6 км), Рама (16 км), Россинч (14 км), түн. капталында – Аксуу (11 км), Шуровский (8 км), Кишемиш (7 км), Райгородский (7 км) ж. б. Ири суулары: Исфара, Кожобакырган, Лейлек, Карасуу, Ак-суу. Кар чеги 3700–4000 м бийиктикте жатат. Түн. капталдарына шыбак-эфемердүү, баялыштуу жарым чөл (1500 м бийикке чейин), буудайыктуу талаа (1400–1800 м), бийик чөптүү талаа, шалбаалуу талаа ж-а бадалдар (1800–3000 м), токой (2900–3200 м), шалбаалуу субальп, шалбаалуу талаа, альп (3500–4000 м), андан жогору гляциалдык-нивалдык зоналар таралган.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2
 
[[Категория:Теңир-Тоо‎]]
[[Категория:Кыргызстандын тоолору‎]]
[[Категория:Өзбекстандын географиясы‎]]
[[Категория:Тажикстан‎]]