"Чаткал тоо кыркасы" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

түзөтүү корутундусу жок
(Removed redirect to Чаткал кыры)
Белги: Removed redirect
No edit summary
 
[[Файл:Greater Chimgan Mountain.JPG|thumb|Чаткал кыркатоо тоосукыркасы (Өзбекстан).]]
'''Чаткал кырытоо кыркасы''' - Түштүк-Батыш [[Теңир-Тоо|Теңир-Тоодо]]. [[Талас Ала-Тоосу|Талас Алатоосу]] м-н Атойнок кырка тоосунун бириккен жеринен түш.-батышты карай 225 км аралыкта созулуп жатат.
 
[[Файл:Karaarcha valley from Pulatkhan.JPG|thumb|Кара-Арча өрөөнү (Өзбекстан).]]
Туурасы борб.борбор бөлүгүндө 50–60 км. Орт. бийикт. 3500 м, эң бийик жери 4503 м ([[Авлетим чокусу]]). Тоо батыштан чыгышты карай бийиктейт. Түн.-батыш капталдары кыска, түш.-чыгышы жазы. Суу бөлгүч кырлары тик аска-зоокалуу, алардан бир нече майда тоолор тарайт. Чапчыма ашуусуна жакын тоо жапыздап, Ангрен м-н Касансайдын суу бөлгүчтөрүндө кыр тилкелери кеңейип, үстү тегиз жондорго айланат. Чыгыш бөлүгү бийик, тик, кырлуу болуп, чокулары арсак-терсек (өзгөчө Терек-Сай, Алабука сууларынан чыгышты карай). Ашуулары: Акташ, Кеңсаз, Чапчыма. Капталдары, айрыкча түш. тарабы өтө тилмеленген. Ч. к. т-нун түш.-батыш бөлүгүндө палеозойдун чополуу сланецтери, алевролит, акиташ, борб. Бөлүгүндө байыркы плагиограниттер, протерозойдун кристаллдуу гнейси, силур, девон ж-а таш көмүр мезгилдеринин кумдук, алевролит, акиташ, жанар тоо тектери кеңири тараган. Тоо этектериндеги адырлар м-н ойдуңчаларда неогендин ж-а төртүнчүлүк мезгилдин чөкмөлөрү топтолгон. Ч. к. т. –ири антиклинорий. Бул структура ар кандай багыттагы тектон. терең жаракалар м-н тилмеленген. Кен байлыктары: коргошун, күмүш, цинк, сурьма ж-а курулуш материалдары.
 
[[Климаты континенттик]]. Январдын орт. темп-расы тоо этектеринде –3... –5° С, кыр бөлүгүндө –10... –15° С, июлдуку 20–22°Сден 0–5°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны адырлар м-н түздүктөрдө 260 мм, тоо капталдарында 600–700 ммге, Авлетимдин баш жагында 950 ммге чейин. Кар калың түшөт (10 смден 1 мге чейин). Кырка тоодо жалпы аянты 5,7 км2 келген 18 майда мөңгү бар. Түн. Капталдарынан Чаткалдын сол куймалары (Терс, Каратерек, [[Каратоко]] ж. б.), түш. капталынан Карасуу, Касансай, Пачата, Гавасай ж. б. суулар агып түшөт. Ири көлдөрү: Сарычелек, Каратоко. Тоонун ландшафты бийиктик алкактуулук б-ча өзгөрөт. Түн.-батыш капталында шыбак-кылканактуу, ачык күрөң топурактуу кургак талаа (1400–2000 м), андан жогору 2800 мге чейин кылканактуу-түркүн чөптүү талаа (аюучач, шашыр да бар) тараган. Топурагы күңүрт күрөң. Талдыбулак, Каратоко өрөөндөрүндө (2600–3100 м) карагай токоюнун массиви бар. Түш.-чыгыш капталында (этек жагында, адырларда) боз топурактуу, шыбак эфемерлүү жарым чөл (700–1200 м), Авлетим тарабында күрөң тоо топурактуу буудайык-кызылоттуу талаага (1200–1500 м) шашыр, аюучач, сарындыз, бадалдардан итмурун, шилби, катын жаңгак, табылгы, чие ж. б. аралашат. Касансай тарабында бозомтук күрөң топу- рактуу, шыбак-аккылкандуу, кээде кызылот басымдуулук кылган талаа мүнөздүү. Чыгыш бөлүгүндө 1200–2200 м бийикте кара күрөң топурактуу жаңгак-жемиш токою өсөт. Алабука м-н Карасуунун аралыгында (2500–3000 м) карагай, көк карагай, арча, акчечек токою да кездешет. Тоонун түш. ж-а түн. капталдарына 2500 мден жогору тоо-шалбаалуу же шалбаа-талаалуу, чымдуу топурактарда кылканактуу түркүн чөптүү субальп ж-а альп шалбаалары (шимүүр, казтаман, чыйпылдак, жапалак арча), кылканактуу түркүн чөптүү, шалбаалуу талаа, 3500 мден өйдө гляциалдык-нивалдык ландшафттар (аскалуу кырлар, эшилме шагыл кумдар, майда мөңгүлөр) жатат. Жаныбарларын к. Сарычелек коругу макаласынан. Ч. к. т. негизинен жайкы ж-а кышкы жайыт катары пайдаланылат. Күнөстүү, кары жука беттеринде кыштоолор бар. Ч. к. т-нун кайталангыс кооз ландшафттары, өзгөчө Аркыт, Сарычелек, Авлетим, Пачата, Алабука, Каратоко жактары эс алууга ыңгайлуу.