IMDb: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[Файл:IMDB Logo 2016.svg|thumb|IMDb логотиби]]
'''The Internet Movie DatabaseIMDb''' ('''IMDbInternet Movie Database''' деп кыскартылатчечмеленет) — тасмаларга, телеберүүлөргө жана видео оюндарга, анын ичинде актердук жана тасма тарткан топко, ойдон чыгарылган каармандарга, өмүр баяндарга, кыскача мазмундарга, майда-чүйдө маалыматтарга жана ой-пикирлерге байланышкан маалыматтардын онлайн базасы. Ал [[Amazon.com|Amazonдун]] туунду компаниясы IMDb.com, Inc. тарабынан иштейт. 2017-жылдын июнуна карата IMDbнин базасында болжол менен 4.4 млн аталыш (анын ичинде эпизоддор да бар), 8 миллион киши тууралуу маалымат, ошондой эле 75 млн катталган колдонуучусу бар.
 
Сайт катталган колдонуучуларга жаңы материалдарды киргизүүгө жана мурда болгон маалыматтарга өзгөртүүлөрдү кошууга мүмкүнчүлүк берет. Бардык маалыматтар жарыкка чыкканга чейин текшерилсе да система кыянат пайдаланууларга ачык болуп, маал-маалы менен каталардын катталганы белгиленген. Колдонуучулар 1ден 10го чейинки шкала боюнча ар бир тасмага баа бере алышат. Топтолгон баалардын орточо саны ар аталыштын жанында көрсөтүлүп турат. Ал үчүн добуш берүүнүн бурмаланып кетпешин алдын алып турган онлайн чыпкалар пайдаланылат. Ошондой эле, бул сайт ырасталган колдонуучулар үчүн баарлашуу түрмөктөрүн ишке берген, бирок IMDb 2017-жылдын 20-февралында биротоло жаап салган.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/IMDb" булагынан алынды