Бөтөн: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
No edit summary
29-сап:
}}
 
'''"Бөтөн"''' ({{lang-en|Alien}}, {{lang-ru|Чужой}}) 1979-жылы [[Ридли Скот]] тарткан британия-америкалык илимий-фантастикалык коркунучтуу тасма. Тасмага тартылгандар: [[Том Скерритт]], [[Сигурни Уивер]], [[Вероника Картрайт]], [[Харри Дин Стантон]], [[Жон Хөрт]], [[Йен Холм]] жана [[Яфет Котто]]. Тасма абдан албуут башка планеталык жандык космикалык кемени сүзүп, андагы адамдарды өлтүргөнү жөнүндөгү окуяны баяндайт. Дэн О'Бэннон жана Роналд Шусетт буга чейинки илимий-фантастикалык жана коркунучтуу эмгектерине негиздеп сценарий жазышкан.
 
"Бөтөн" киносынчылардын сынынан ийгиликтүү өтүп, ийгиликтүү сатылган. Ошондой эле "Эң мыкты визуалдык эффект" үчүн Оскар сыйлыгын, "Эң мыкты илимий-фантастикалык тасма", "Эң мыкты режиссура" (Скот) жана "Эң мыкты экинчи пландагы актриса" (Картрайт) үчүн Сатурн сыйлыгын жана "Эң мыкты коюлган тасма" үчүн "Hugo" сыйлыгын утуп алган. Мындан башка да көптөгөн сыйлыктардын наамына көргөзүлгөн. Тасма ондогон жылдар бою бардык мезгилдин эң мыкты тасмаларынын бири деп макталып турган. 2002-жылы АКШ Конгрессинин китепканасы тасманы "маданий, тарыхый же эстетикалык баалуу" деп Улуттук кино реестринде сактоо үчүн тандап алган. 2008-жылы "AFI" илимий-фантастика жанрындагы эң мыкты 7-тасма деп тандап алган, ал эми "Empire" журналы бардык мезгилдеги эң мыкты 33-тасма деп тандаган. Тасманын ийгилиги тасманын роман, комикс, видео оюн жана оюнчуктардын чыгышына түрткү болгон.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бөтөн" булагынан алынды