Асыл металлдар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Асыл металлдар''' - дат баспаган, жаратылышта сейрек кездешүүчү [[металлдар]]. Аларга: [[алтын]] Au, [[күмүш]] Ag, [[платина]] Pt ж-а платина тобундагы ([[иридий]] Ir, [[осмий]] Os, палладий Pd, родий Rh, рутений Ru) элементтер кирет. Бекемдиги, туруктуулугу - алардын асылдыгынын белгиси. М. В. Ломоносов металлды кенташтан хим. реактивдердин суудагы эритмесин колдонуп, бөлүп алууга негиз салган. Алтын көбүнчө валюталык металл катары, зергер буюмдарын жасоодо ж-а тиш салууда пайдаланылат. Күмүш дагы валюталык металл, бирок алтынга караганда техникада (өткөргүч, электр тиймеги ж. б.) көбүрөөк колдонулат. Платинадан атайын химиялык идиш (платина тигелдери, чөйчөктөр) жасалат. Анткени ал 1200°С температурада да реакцияга кирбейт, салмагын өзгөртпөйт. Платинанын иридий куймасынан килограммдын үлгүсү - эталон жасалган. Аны м-н бардык өлкөлөрдө тараза текшерилет, ошондой эле фотосүрөттө, кинодо, электроникада, радиотехникада кеңири колдонулат.<ref>[https://profi-trading.ru/prognozy-na-rynke-cennyx-metallov-chto-prodavat-a-chto-pokupat/ Баалуу металлдар рыногундагы божомол]</ref>
 
==Колдонулган адабияттар==