Франция-Пруссия согушу (1870-71): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''Франция-Пруссия согушу (1870-71)''' - [[Франция|Франдия]] менен [[Пруссия]] коалициясы, Түндүк Герман союзу жана Түштүк Герман мамлекеттеринин ортосундагы куралдуу жаңжал. Австрия-Пруссия-[[Италия]] согушунда (1866) жеңишке жетишкен Пруссия Франдияны начарлатып, бүт [[Германия]] жерин бириктирүүнү көздөгөн.
[[Франция]] императору Германиянын күчтөнүшүнө жана биригишине жолтоо болууга, Европага өз үстөмдүгүн сактап калууга аракеттенген. Ошондой эле испан королевасы Изабелла II бийликтен кулаган соң (1868), испан тактысына пруссиялык Вильгельмдин тууганы, Леопольд Гогенцоллерн тандалып, аны Отто фон Висмарк колдогон. Леопольддун талапкерлиги Парижде кыжырданууНУ туудурган. Наполеон III аны испан тактысынан баш тартууга аргасыз кылган. Мындай пикир келишпестиктерден улам эки тарап тең согушка даярданган. Наполеон Шнүн өкмөтү 1870-ж. 19-июлда Пруссияга каршы согуш жарыялаган. Бирок согуштун алгачкы күндөрүндө эле француз армиясы Пруссиядан жеңиле баштаган. 1870-ж. 2-сентябрда Седан шаарынын жанында француз армиясы талкаланып, башында император турган 282 миң аскер менен офицерлер жоготууга учураган (139 мид аскер өлүп, 143 миди жарадар болгон). Бул кабар Парижде элдик көтөрүлүштүн чыгышына түрткү болгон. Көтөрүлүштүн натыйжасында 1870-ж. 4-сентябрда [[Франция]] империясы (Экинчи) кулаган. [[Германия]] империясы жана Үчүнчү [[Франция]] республикасы түзүлгөн. 1871-ж. 10-майда Франкфурт тынчтык келишими боюнча [[Франция]] Германияга 5 млрд франк контрибуция төлөп, Эльзас жана Лотарингия аймактарын берген.