'''Тайланд''' ({{lang-th|ประเทศไทย}}), Тайланд Королдугу (тай тилинде – Пратет{{lang-Таиth|ราชอาณาจักรไทย}}), 1939-жылга чейин жана 1945-49-жылы Сиам) {{lang-th|สยาม}} {{Audio|Th-Siam.ogg|айтылышы}} – [[Түштүк-Чыгыш Азия|Түштүк-Чыгыш Азиядагы]] мамлекет. Түштүгүнөн Түштүк Кытай деңизинин Сиам булуңу, түштүк-батышынан Андаман деңизи чулгайт. Батышынан Мьянма, чыгышынан [[Лаос]] жана [[Камбоджа]] менен чектешет. [[Индикытай|Инди-Кытай]] жарым аралынын борбордук бөлүгүн жана Малакка жарым аралынын түндүк бөлүгүн ээлейт. Аянты 513,1 миң км<sup>2</sup>. Калкы 66,4 млн (2010). Борбору – [[Бангкок]] шаары. Административдик-аймактык жактан 75 провинцияга жана бир борбордук муниципалитетке бөлүнөт. Акча бирдиги – бат.