Ооганстан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
→‎Маданияты: граждандык = жарандык
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
34-сап:
 
==Маданияты==
Ооганстанда билим берүү системасы көпкө созулган граждандыкжарандык согуштан жана «Талиб» башкаруусунан кыйраган. Диний мектептери (мусулман) басымдуулук кылат. 2002-окуу жылында 39% эркек жана 3% аял окуган (башталгыч билим алуу үчүн). Мектеп жашындагы 1,5 млн бала окуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Мектептердин 70% талкаланып, анын ичинен 5 миң мектептин 3,5 миңи оңдоого муктаж болгон. 2002-жылы билим берүү системасын көтөрүү боюнча «Кайрадан мектепке» планы даярдалган (2 жылга эсептелген). Ошол эле жылы Кабул университети (1932-жылы негизделген) ишке кирген. 2003-жылы 7563 мектепте 5,5 млн окуучу окуп, анда 92 миң мугалим эмгектенген. Кабулда ири элдик китепкана жана этнографиялык музейлери бар. Массалык маалымат каражаттары талибдердин башкаруусунан улам бүлгүнгө учураган, 2001-жылдан кайрадан калыбына келтирилүүдө. Өлкөдө мамлекеттик телекөрсөтүү, радиоуктуруу, маалымат агентчилиги, менчик телекөрсөтүү, 3 көз каранды эмес радиоуктуруу компаниясы («Кабул радиосу»), «Ооган Исламик Пресс» маалымат агентчилиги иштеп, 260тан ашуун гезит-журналдар чыгат. Ооган адабияты пушту жана дари (фарси-кабули) тилдеринде өнүгүүдө. Пушту адабияты Пакистандын аймагынын айрым бөлүктөрүндө да пайдаланылат; дари адабияты парс классикалык адабиятынын салтын жолдойт. Эл арасында жөө жомок, эпос, оозеки аңгемелер (хикаяттар) кеңири таралган. Пуштулардын биздин заманга чейинки сакталган адабияты - Мали шейхтин «Кадастр китеби» (15-кылым), 16-кылымга рошаниттер сектасын түзгөн Баязид Ансаринин чыгармачылыгы таандык. 17-18-кылымдагы пушту классикалык адабиятынын гүлдөп өнүгүүсүнө Хушхаль-хан Хаттака, Абдуррахман Моманд жана Абдулхамид Моманддын эмгектери зор. 20-кылымда адабиятында кайрадан жаңылануу башталган. 1936-жылы пушту тили дари тили менен катар мамлекеттик 2-тил деп жарыяланган. 1937-жылы Ооган тили жана адабияты академиясы негизделген. Повесть жана проза жанры (С. М. Аламшахи, Мираминуд-дина Ансари, Г. М. Жвандая - дари тилинде; Б. Кушкаки, К. М. Рафика - пушту) өздөштүрүлө баштаган. 20-кылымдын 2-жарымында адабиятта социалдык маселелер басымдуулук кылган, Абдулхак Бетаб, Х. Халили (дари тилинде), Ж. Г. Жейлани, Ш. Маджрух, М. С. Псарлай (пушту), С. Лаик (эки тилде), Ш. Барик (дари) элдик каада салттын негизинде жазган. Проза жанры жаңы багытта (романтикалык жана реалисттик) өнүккөн. Бийликке Ооганстан Элдик Демократиялык партиясы келгенден кийин ЖС түзүлүп (1980), анын расмий органы «Жвандун» («Жашоо») журналы болгон. Ал мезгилге прозаиктер - А. Усман (Кузагара), А. Р. Зярьяб, А. Амин, А. Каргар, 3. Анзор, Б. Баджаурай, Хабиб Кадир, И. Атайи жана башкалардын чыгармалары таандык. Классикалык поэзиянын салтын улантуучулар - Н. Хафиз, Н. Тахури, А. Такор, А. Хазан ж. б., жаңы поэзия жанрына В. Бахтари, Л. Назими, С. К. Туфани, А. Наиби, Ф. Фард жана башкалар кайрылган. Социалисттик күрөш, революциялык пафос Д. Панжшеринин поэзиясына таандык. 20-кылымдын акыркы жылдарындагы согуш Ооганстандын белгилүү адабиятчыларын өлкөдөн кетүүгө аргасыз кылган. Чет өлкөдөгү көрүнүктүү пушту адабиятчыларына - романчы С. Шпун, акындар А. Жахани, П. М. Караван, С. Сиддики, М. Парвин Файз-зада жана башкалар кирет.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ооганстан" булагынан алынды