Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
No edit summary
1-сап:
'''Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ)''', (Организация договора о коллективной безопасности(ОДКБ)) - келишимдин негизинде бир нече Евразия мамлекеттери тарабынан түзүлгөн согуштук-саясий союз.
[[Файл:Supranational PostSoviet Bodies-ky.svg|thumb]]
 
КМШнын жамааттык коопсуздук системасын түзүү зарылдыгы келип чыккан. Бул эң маанилүү маселе КМШнын алты мамлекетинин - Армениянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын башчылары 1992-ж.
15-мартта ЖККУ кол коюшкандыгынын аркасында чечилген. Ага ылайык кол койгон тараптар өздөрүнүн ортосундагы жана башка мамлекеттер менен пикир келишпестиктерин жалаң тынчтык каражаттары менен чечүүгө милдеттенишкен. 1993-ж. Келишимге Азербайжан, Грузия жана Беларусь кошулган. ЖККУ Бириккен Улуттар Уюмунун катчылыгында 1995-ж. 1-ноябрда катталган. Келишимге ылайык катышкан мамлекеттердин башчылар нан, тышкы иштер жана коргонуу министрлеринен жана жамааттык коопсуздук кеңешинин Башкы катчысынан турган курамдагы - Жамааттык коопсуздук кеңеши түзүлгөн. Кеңеш келишимге катышуучулардын кызматгаштык ишин координациялайт жана камсыз кылат деп айтылган. Бирок, [[1999]]-ж. апрелде үч мамлекет - Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимди Узартуу жөнүндөгү протоколго кол коюшкан эмес, алар де-факто анын курамынан чыгып кетишкен. ЖККУнун максаты: келишимдин катышуучу өлкөлөрүнүн территориалдык-экономикалык мейкиндигин армиялардын жана