Бавария: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Deutschland Lage von Bayern.svg|thumb|Бавария.]]
'''Бавария''' - [[Германия|Германиянын]] түштүгүндөгү тарыхый облустук жана административдик аймактык бирдик. Аянты 70,6 миң км<sup>2</sup>. Калкы 12,06 млн (2001). Административдик борбору [[Мюнхен шаары]] шаары, ири шаарлары: [[Нюрнберг]], [[Регенсбург]]. «Бавария» аталышы 6-кылымдын ортосунда азыркы Бавария аймагынын көбүн жана андан түштүк жана чыгыш жерлерин мекендеген баварлар уруусунун атынан келип чыккан.
 
Бул жерлерде баварлар өзүнүн герцогдугун (Агилольфингдердин тукумунан чыккан герцогдор) түзүшкөн. 788-ж. герцог Тассилон Шнүн тушунда Бавар герцогдугу жоюлуп, Франк мамлекетинин курамына кирет. 10-кылымдын башында Германия королдугунун уруулук герцогдуктарынын бири катары кайрадан калыбына келет. 10-13к-да Бавррия герцогдугунун аймагы кичирейип, өзү бытырап бөлүнүп кетет. Герцог Альбрехт IVнүн (1467-1508) бийлиги учурунда кайрадан биригишип, Бавррия 16-17-кылымдарда [[Германия|Германиянын]] кубаттуу княздыктарынын бири болгон. 18-кылымдын акырында Францияга каршы согушка катышат. 1801-13-ж. Наполеон тарапта болгон. Австрия-Пруссия согушунда 1866-жана башка Австрия тарапта болгон, бирок Пруссия менен жашырын коргонуу союзун түзүп, 1871-жылы Германия [[империя|империясына]] кирет. Германиядагы 1918-жылындагы Ноябрь революциясынын натыйжасында Бавррияда республикалык өкмөт түзүлөт. 1919-ж. апрелде башында коммунисттер турган Бавррия Советтик Республикасы түзүлөт, бирок ал герман өкмөт тарабынан талкаланып, Веймар конституциясы (1919) боюнча Германиянын жерлеринин бири катарында анын курамына кирет. Ошол эле жылы Бавррияда улутчул социалдык (фашисттик) партия түзүлүп, ал фашизмдин башкы очокторунун бири болуп калган. Фашисттик диктатуранын мезгилинде (1933-45) Бавррия [[фашизм|фашизмдин]] борбору болгон. Мюнхенде фашисттик партиянын штаб квартирасы жайгашкан. Нюренбергде бул партиянын съезди өтүп турган. Фашисттик Германия талкалангандан кийин, 1945-жана башка америкалык [[оккупация|оккупациянын]] зонасына кирген. 1949-жылдан Бавррия ГФРдин жери катары анын курамында.
6-сап:
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1
 
{{Германия Жерлери}}
 
[[Категория:Германиянын географиясы‎]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бавария" булагынан алынды