Драматургия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
Белги: Manual revert
2017 source edit
1-сап:
'''Драматургия''' - арийне, драмалык[[драма]]лык чыгармалар көбүнчө жазма-чийме урунган элдерде улуттук театр өнөрүнүн репертуардык (драмалык тексттерге) муктаждыгынан улам пайда болот. Демек, кыргыз театр өнөрүнүн өнүп-өөрчүй башташы биздин тилде драмалык адабияттын келип чыгышын шарттады.<br />
 
1920-жылдардын экинчи жарымында [[Бишкек|Фрунзеде]] (Бишкекте) жаңы ачылган борбордук педагогика техникумунун студенттери драма жана ыр-хор ийримин (кружогун) уюштуруп, сахнада ойноого арналган адабий тексттердин эне тилибизде жогунан улам ийримге кагышуучулар андай тексттерди өздөрү жаза баштаган. Чакан пьесалардын авторлору ал кездеги студенттер Т. Байжиев, Ж. Бөкөнбаев, К. Жантөшев, К. Маликов, С. Сасыкбаев, М. Элебаев болгон. Ал пьесалардын тексттери, ал түтүл аттары сакталып калган эмес. Тек гана К. Жантөшевдин педтехникум ийрими үчүн «Койчулар», «Айылда», «Лениндин уулу», «Түштө», «Биз комсомол», «Жоголсун байлар» деген бир жана көп көшөгөлүү пьесаларынын аттары мемуардык материалдарда (эскерүүлөрдө) эскерилет.<br />
 
1926-жылы ачылган улуттук музы калык-драма студиясынын (мектебинин) коллективи ойной турган драмалык чыгармалардын кыргыз тилинде жаралбай жатканынан аябай кыйноо тарткан.<br />