Кандидоз: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
1-сап:
[[File:Ымыркайдын ооз кондойундогу кандидоз.jpg|150px|thumb|right| - Ымыркайдын ооз көңдөйүндөгү кандидоз|]]<br>
 
<br>Кандидоз — [[мите козу карын|мите козу карындар]] козгоочу оору. Кишинин териси, [[былжыр чел]]и, чанда [[ички органдар]]ы жабыркайт. Аны ачыткы сымал мите козу карын — кандида козгойт. Ал табиятта кеңири тараган, жашылчада (айрыкча канттуу), жемиште жашайт. Демейде кишинин терисинде, ооз жана ичеги-карын былжыр челинде кездешет. Ымыркай балага кандида козу карыны төрөт мезгилинде эле жугуп, анын тери жана былжыр челинде өмүр бою жашайт. Алар дени соо адамдын организминин нормалдуу иштешине эч зыян келтирбейт. Кандида адамдын ооруга каршы туруктуулугу начарлаганда, көпкө ооруганда ([[туберкулёз]], [[дизентерия]] жана башка) же [[организм]]ге керектүү заттардын жетишсиздигинде, [[Антибиотиктер|антибиотик]]терди врачтын көзөмөлүсүз көп колдонгон учурда пайда болот. Ашкере колдонулган антибиотик зыяндуу [[Микробиология|микроб]]дор менен бирге [[ооз]] менен [[дем алуу орган]]ындагы жана [[ичеги-карын]]дагы тамак сиңирүүгө катышуучу микробдорду жок кылып, кишинин териси жана былжыр челиндеги [[микроорганизм]]дердин [[биология]]лык тең салмактуулугун бузат. Мунун натыйжасында антибиотиктердин таасирине чыдамдуу Кандидоздун козгогучтары (кандида) өтө тез көбөйүп, ооруну пайда кылат. Кандидоз менен көбүнчө [[Ара төрөлгөн бала|ара төрөлгөн]], оорукчал балдар көп ооруйт. Адегенде балдарда «оозул» пайда болуп, оорулуунун [[тил]]и, бүйлөсү ак калың катмар менен капталат, ал оңой сыйрылып, кайра пайда болуп турат. Чоң кишилерде, адатта [[жашылча]]-[[жемиш]] менен, ошондой эле [[мончо]]до иштегендердин жана [[идиш-аяк]] жуугандардын колу жабыркап, аялдарда [[жыныс органдар|жыныс орган]]дары, алардын [[Тырмак|тырмагы]]нын тегереги кызарат, шишийт, ооруйт. Өтө семиз кишилердин жана балдардын чатында, [[манжа]]ларынын арасында болушу мүмкүн. Эгер бул оору көпкө созулса, ал ичеги-карындын жана [[өпкө]]нүн [[клетка]]ларын бузуп, [[кан]]га өтөт да, бүткүл денени ууландырат. Кандидоз анча жугуштуу эмес, бирок ымыркай балага баккан оорулуу кишиден жуккан учурлар белгилүү. Оору лабораторияда аныкталат. [[Врач]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кандидоз" булагынан алынды