Өрмөк: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Rescuing 0 sources and tagging 1 as dead.) #IABot (v2.0.8
wikifix
1-сап:
'''Өрмөк''' ― Ийрилген жүн [[жип]] менен көркөм өнөрдү жүзөгө ашыруучу кол дүкөн (Шайман). Өрмөктү курууга эки киши керек. Төрт чарчы жерге төрт казык кагылат да, ал боюнча бир адам жипти илип, жүгүрүп өтүп турат. Экинчиси, бир жерде отуруп, ар бир жипти өңү менен чаташтырбай күзүктөйт.
[[Күзүк]] өрмөк согууда улам аркак өткөрүлгөн сайын эркек («өрмөктүн үстүңкү жиби) жиптерин өткөрүп, астын-үстүн кылып алмаштырып туруучу эң орчундуу бөлүгү. Өрмөктүн [[эриш жип|эриш жиби]] казыкта жүгүртүлүп жатканда күзүк өтөт. Эриш жиптердин ургаачылары күздүккө илинет да, эркек жиптери болсо илинбейт. Өрмөкчү адыргыны өзүн көздөй тартып, кырынан тургузганда эркек жип күзүк жиптин арасы менен өөдө чыгып, адыргыны жалпагынан ары жылдырганда ургаачы жиптин арасы менен төмөн түшүп турат.
Күзүктөлгөн эриштерди көтөрүп согууга даярдоо асма «үч бут мара» болот. Эриштин эки тарап жыш жиптери бат-бат алмашып, арасына аркакты кысып алат. Өрмөктүн токулган бөлүгү жылган сайын күзүк да, күзүк өткөргүч «мара» да (можу, иймек) [[күйөө|«күйөөнү»]] көздөй жылдырылат.
5-сап:
== Маалыматтын булагы ==
[http://bizdin.kg/component/k2/item/173-kyrgyz_kol_onor Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996]{{Жеткиликсиз шилтеме|date=August 2021 |bot=InternetArchiveBot |fix-attempted=yes }}
 
[[Category:Кыргыз кол өнөрчүлүгү]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Өрмөк" булагынан алынды