Чагатай: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м no summary specified
мNo edit summary
 
1-сап:
'''Чагатай''' (туулган жылы белгисиз – 1242) – [[Мавераннахр]], [[Жети-Суу|Жетисуу]] жана [[Чыгыш Түркстан|Чыгыш Түркстанды]] ([[Чагатай улусу]]н) бийлеген [[моңгол]] [[Хан|ханы]]; [[Чыңгыз хан|Чыңгыз хандын]]дын экинчи уулу. 1211-жылы Чыңгыз хандын [[Кытай|Кытайга]] жасаган жүрүшүндө аскер тобун башкарган. 1219–21-жылы Орто Азияда согушуп, башка бир туугандары менен бирге Хорезмди басып алган. Чагатай мурас бөлүштүрүүдө атасынын ээлигинин чыгыштагы уйгурлар өлкөсүнөн Бухарага чейин жана батышта Самаркан жерлерин алган. 1226-жылдан Кыргызстандын аймагы Ч-дын бийлиги астында болгон. Диний саясаты жагынан алганда моңголдор эч кимге кысым жасаган эмес. Теңир-Тоо калкы ислам, несториан, бутпарас жана башка диндерди эркин туткан. Бирок алардын оор алык-салыктары, аскердик жортуулдары үчүн адамдардын алынышы, көчмөн түрк-моңгол урууларынын Теңир-Тоого көчүрүлүшү Кыргызстандын мурдагы өнүгүп отурукташкан өрөөндөрүнүн өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырашына жана шаар-кыштактардын кыйрашына алып келген.
== Адабият ==
 
* Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
[[Category: Кыргызстан]]
[[Category: Тарых]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Чагатай" булагынан алынды