Космос: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
1-сап:
'''Космос''' – [[Аалам|Ааламдын]]дын [[астрономия]] аныктамасынын синоними. Космос жылдыздардын жана галактикалардын дүйнөсү – алыскы жана Космос аппараттары, [[Жер|Жердин]]дин жасалма жандоочулары аркылуу изилденүүчү жакынкы Космоско бөлүнөт.

[[File:Kosmos1.jpeg|250px|thumb|Космос]]
== Космос геодезиясы==
Космос геодезиясы – геодезиянын бир бөлүгү. Космос геодезиясында Жердин өлчөмү, чоңдугу, гравитация талаасынын параметрлери, Жер бетиндеги заттардын өз ара жайгашуусу [[Күн]] менен [[Ай|Айдын]]дын тутулушунун негизинде жана Жердин жасалма жандоочуларынын жардамы менен өлчөнөт. Космос геодезиясы 18-кылымдын 2-жарымынан колдонулууда.

== Космос зонду==
Космос зонду – [[планета]] аралык чөйрөнү, магнит талаасын, микрометеориттерди, күн системасындагы асман телолорун изилдөөчү космоско учуучу аппарат. Космос зондунда Айга жана башка планеталарга учурулган аппараттар кирет. Дүйнөдө 1-жолу «Луна-1» космос зонду Советтер Союзунда 1959-ж. 2-янв. учурулган Америкада мындай аппараттар Ай зонду, [[Марс]] зонду деп аталат. Космос зондунда илимий-изилдөө, сүрөткө тартуу, түздөн-түз өлчөп алуу менен ишке ашырылат. Космос зондуну сериясындагы аппараттар «Гелиос», «Луна», «3онд», «Электрон», «Маринер», «Пионер» жана башка.

== Космос мазерлери==
Космос мазерлери – радиолинияларда ОН, Н2О жана SiO молекулаларын нурлантуучу өзгөчө жарык космостук радиобулактар, космос Асман телолорунун электр-магниттик нурлануусу.

== Космос навигациясы==
Космос навигациясы – космоско учуучу аппараттарды башкаруу, башкача айтканда алардын мейкиндигиндеги ордун жана кыймылын аныктоо. Бул милдетти аткаруучу система космоско учуучу аппараттын өзүндө жана Жер бетине орнотулган өлчөгүч жана эсептөөчү куралдардан турат.

== Космос нурлары==
Космос нурлары – Жерге космос мейкиндигинен келүүчү өтө чоң энергиялуу бөлүкчөлөрдүн жана алардын таасиринен Жер атмосферасынын атомдорунун ядролору менен өз ара аракеттешүүсүнөн пайда болгон белгилүү элементардык бөлүкчөлөрдүн агымы. Космос нурларынын курамындагы бөлүкчөлөрдүн көпчүлүгүнүн энергиясы 10 эВтон чоң. Жерге келүүчү Космос нурларынын көпчүлүгү күн системасын курчап турган [[галактика]]лардан келет. Жасалма жандоочулар жана космостук ракеталар өтө алыс жайгашкан космостук объектилерден келген Космос нурларын изилдейт.

[[File:Kosmos3.jpg|250px|left|thumb|Космос чаңы]]
== Космостук плазма==
Космостук плазма – космостогу оң жана терс заряддардын топтолушу бирдей болгон иондошкон газ. Космос мейкиндигиндеги: жылдыздар, галактикалык тумандуулуктар жана жылдыз аралык чөйрөдөгү көпчүлүк заттар плазма абалында болот. Жердин айланасындагы плазманын күн шамалы түрүндө тарайт.

== Космос чаңы==
Космос чаңы – жылдыздар жана планеталар аралык мейкиндиктеги конденсацияланган заттын бөлүкчөлөрү; өзөгү силикат же графит болгон 1 мкмдей өлчөмдөгү бөлүкчөлөрдөн турат. Космос чаңы Галактикада тумандарды жана газ-чаңдарды түзөт. Космос чаңы жылдыздар жана башка асман жарык чыгаруучулары чыгарган жарыкты начарлатат (орточо 1 кпк, галактикалык тегиздик – 1 жылдыз чоңдугуна).

[[File:Kosmos.jpeg|250px|thumb|Космос]]
== Космос кемеси==
Космос кемеси – [[Космонавт|космонавттардын]] (астронавттардын) жашоо жана түрдүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө шарты бар космоско учуучу түрдүү конструкциядагы аппарат. Ага «Восток», «Восход»,»Союз» ([[СССР]]), «[[Меркурий]]», «Жемини», «Аполлон», «Спейс шаттл» ([[АКШ]]) жана башка кирет.

== Космосту изилдөө институту==
Космосту изилдөө институту – 1965-ж. [[Москва]]дагы СССР ИАсында түзүлгөн. Мында космонавтикага тиешелүү көп тармактуу проблемалар изилденет. Аларга космос аппараттарынын, астрономия изилдөөлөрдүн жардамы менен Күн, Ай, планеталар, планета аралык чөйрөнү изилдөө жана космонавтиканын жетишкендиктерин эл чарбасында пайдаланууга байланышкан маселелер кирет.

==Интернеттеги шилтемелер==

* [http://www.azattyk.org/media/video/24272727.html Космос чөлмөгүнүн сапары карыды]

[http://www.azattyk.org/content/article/1255724.html Алексей Леонов: “Ысыккөл - Жердин карегиндей космостон көрүнөт”]

* [http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_space_sharipovarticle/35396021255724.html СалижанАлексей ШариповЛеонов: Космос“Ысыккөл - Жердин карегиндей жашообуздукосмостон өзгөрттүкөрүнөт”]

* [http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_aalam_spacekyrgyzstan_space_sharipov/35549713539602.html КосмосСалижан Шарипов: кечээ институт, бүгүнКосмос тигүүчүжашообузду цехөзгөрттү]

* [http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_aalam_space/3554971.html Космос: кечээ институт, бүгүн тигүүчү цех]

==Колдонулган адабияттар==
* Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек. ''Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов''
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Космос" булагынан алынды