Калк: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
No edit summary
13-сап:
Жер калкынын динамикасы: Алгачкы палеолит доорунда жер калкы 100–200 миң, соңку [[Палеолит доору|палеолитте]] 1 млн., а [[неолит]] доорунун башында – 10 млн-ду, анын акырында 50 млнду түзгөн. Жер иштетүүгө байланыштуу өсүү темптин ыкчамдоосу башталган. Биздин доордун башында жалпы Жер калкы – 230 млн, а 19-кылымдын башында – 1 млрд, адам, 1930-ж. – 2 млрд, 1961-ж. – 3 млрд, 1976-ж. – 4 млрд., 1980-ж.
 
Жер калкынын саны 4,4 млрд. адамды түзгөн. 20-кылымда 70-жылдан баштап жер калкынын жылдык өсүшү көбөйүп, «демографиялык жарылуу» жөнүндө ойлондура баштады. Үй-бүлөдө балдардын санын жөнгө салуу, башкача айтканда аң-сезимдүүлүк менен ата-эне болууга алып келген социалдык-экономикалык факторлордун (индустриалаштыруу, урбанизацияштыруу, аялдардын коомдук иштерге тартылуусунун артышы менен, маданияттын жалпы өнүгүшү) таасири астында калктын өсүш темпинин төмөндөөсү башталат. Үчүнчү миң жылдыктын башынан тартып үй-бүлөнү пландоо бүткүл Жер калкына жайылтылат. Эгер ар бир никелешкен түгөйгө 2,2–2,5 бала туура келгендей деңгээлде пландаштыруу ишке ашса, 21-кылымдын аягында калктын саны 11–12 млрд., адамга жетет деген божомолдун негизи бар<ref>[https://tourjournal.ru/samye-gustonaselennye-strany-mira/ Калк жыш жайгашкан дүйнө өлкөлөрү]</ref>.
 
== Дагы кара ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Калк" булагынан алынды