Шакек: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м fix links and categories
No edit summary
1-сап:
[[File:8733.jpg|thumb|Шакек.]]
[[File:3182.jpg|thumb|Шакек.]]
'''Шакек''' — колдун манжаларына салынуучу зер буюму. Анын жердиги түстүү металлдардан, түрдүү заттардан болот. Алсак, «күмүш шакек», «алтын шакек», «сөөк шакек», «мүйүз шакек», «жез шакек», «коло шакек» деп айтылат. Жасалуу ыкмасы боюнча көздүү «асыл таш чөгөрүлгөн шакек», «тамандуу шакек», «мөөр шакек» оюм-чийим түшкөнүнө карата «кырдуу шакек», «жөнөкөй шакек» болот. Буга узанууда уюткан таза күмүштү алып, аны көрүк аркылуу эритет. Эми балка менен чоюп, жукартып иет, сомдойт да, муну шакек түспөлүнө келтирет. Эгер эки башын туюктагысы келсе, күмүш менен ширетет. Андан кийин зергер атайын чийим шибегеси аркылуу оюм келтирет. Буга кооздук берүүдө зергерчиликтин бардык ыкмаларын колдонсо болот<ref>[https://stolychnashop.com.ua/news/yuvelirnye-sovety/zoloto-ili-serebro-kakie-obruch/ Алтын же күмүш: кандай нике шакектери жакшы]</ref>.
 
Бул зер буюмунун таманын кооздоодо «айчык», «мүйүз», «кыял», «[[жарым кыял]]», «[[ит куйрук]]», «бармак боочу» өңдүү көркөм оюм менен көчөттөрдү түшүрөт. Ал эми ал «[[чапкылоо]]» ыкмасы аркылуу жасаса, көбүнчө «жылдызча», «кымкар» сыяктуу чапкы көчөттөрүн [[ромб]], кайчылашкан «тоок көз» өңдөнтүп, оюм элементтерин таасын берүүгө мүнөздүү. «Из түшүрүлгөн» ал көчөттөр «сыя төгүүгө» өтө окшош келет.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Шакек" булагынан алынды