Мотивдер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
4-сап:
[[Психология|Психологияда]] Мотивдер адамдын иш аракетин жанa аң-сезимин изилдөөгө байланыштуу каралат. Мотивдердин предметтик жанa социалдык табиятын ырастоо алар инстинктке же эмоцияга көз каранды деген теорияларга каршы турат. Мотивдердин туңгуч түрү — материалдык мүдөөлөрдү канааттандыруучу нерселер, буюмдар. Кийин идеалдуу нерселер да (тигил же бул түрдөгү аң-сезимдүү максат ж. б.) Мотивдерге айланат.
 
Демейде адамдын иш- аракетин бир нече Мотивдер шарттайт: бири — башкы. калгандары көмөкчү мааниге ээ болот (мис., эмгектин накта Мотиви жанa аны материалдык жактан стимулдоо). Мотивдер өз ара жанa курчаган жагдайлар менен ар кандай мамиледе болот: бири бирин күчөтөт, же пастатат же жагдай, шартка каршы келет. Ошондуктан адамды тигил же бул ишке түрткөн Мотивдерди аныктоо оңойго турбайт. Мотивдердин өнүгүшү алардын байышынан гана эмес, белгилүү бир [[иерархия]] түзүшүнөн да көрүнөт. Демейки мүдөөлөрдү канааттандыруучу Мотивдердер социалдык жанa рухий Мотивдерге баш иет<ref>[http://intjournal.ru/wp-content/uploads/2021/04/Mezhdunarodnyj-ZHurnal-3-1.pdf Кызматкерлердин мотивациясын түзүү]</ref>.
 
== Колдонулган адабияттар ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Мотивдер" булагынан алынды