Мунай химиясы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
 
1-сап:
'''Мунай химиясы''' ― [[химия]] илиминин [[Мунай|мунайдан]] химиялык түрдүү заттарды, материалдарды өндүрүү процесстерин изилдөөчү жанаиштеп чыгуучу тармагы. Ири молекулалуу бирикмелердин химиясы, химиялык кинетика жана катализ, химиялык технология илимдеринин биригишинен пайда болгон. Мунай химиясынын пайда болуусу жанакалыптанышы мунайдыхимиялык жол мененкайра иштетүүнүн илимий негизин түзгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында ар түрдүү жаңы ыкмалар, методдор жана процесстер пайда болду. Өнөр жайда химиялык продуктуларды өндүрүүнүн өсүшү, отун катары күйүүчү заттарды, майлоочу майларды көп колдонуу баштапкы сырьёлордун булагын табууну талап кылды. Сырьёнун мындай булагы мунай жана мунай продуктулары болгондуктан, илимде, өндүрүштө [[мунай -химиялык синтезсинтези]] деген жаңы тармак өсүп чыкты. Бул тармактын негизги максаты — мунайды, мунай азыктарын, [[Мунайды коштогон газдар|мунай газдарын]] комплекстүү түрдө кайра иштетүү. Азыркы учурдагы мунай химиясынын өзгөчөлүгү – бир эле химиялык затты ар түрдүү сырьёдон ар кандай жол менен өндүргөндүгүндө. Бул көп түрдүү синтездөө жолдорунан эң үнөмдүүсүн, ыңгайлуусун тандап алууга мүмкүнчүлүк берет.
[[Категория:Өнөр жай]]
==Колдонулган адабияттар==