Физули: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
 
2-сап:
'''Физули''' (Фузули) Мухаммед Сулейман оглы (1494, [[Ирак]], [[Кербела шаары]], - 1556, Кербела ш.) - [[азербайжан]] акыны. Азербайжанча, фарсча, арабча жазган. Ар тараптуу билим алган. Чыгармаларынын көбүндө адамкерчиликти, сүйүүнү даңазалап, ар кандай зомбулукка каршы болгон, акимдерди адилдикке, эл үчүн кам көрүүгө үндөгөн. Негизги чыгармалары: “Саламатчылык жана Мараз”, “Гашиш жана шарап”, “Мөмөлөр талашы”, “Өкүнүч баяны”, “Лайли-Мажнун”. Чыгармаларынын ичинен “Лайли-Мажнун” (1536-37) дастананына өзгөчө орун таандык. Ал - чыгыш поэзиясынын мыкты үлгүлөрүнөн. Анда Физули өзүнө чейинки акындар, асыресе [[Низами]], баштаган салтты улап, өркүндөтүп, адамдын турмушка, тиричиликке деген кумарлануусун ырга салып, ашык жарлардын кайгылуу тагдарын көрсөткөн. Физулинин поэзиясы бүтүндөй чыгыш элдеринин адабиятынын өөрчүшөнө таасир тийгизген. 1958 жылы Физулинин 400-жылдыгы өткөрүлүп, [[Баку]] шаарында эстелиги коюлган.
 
[[Категория:Инсандар:Азербайжан акындары]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Физули" булагынан алынды