"Красноярск" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

"Красноярск" шаардын расмий аталышы. Кыргыз тилдүү чөйрөсүндө таанымал аталыш болгондуктан бул аталыш колдонулат. Шаардын этимологиясы боюнча өзүнчө бөлүгүн түзүү туура келет
(Emil Döölös moved page Красноярск to Кызылжар)
Белги: New redirect
 
("Красноярск" шаардын расмий аталышы. Кыргыз тилдүү чөйрөсүндө таанымал аталыш болгондуктан бул аталыш колдонулат. Шаардын этимологиясы боюнча өзүнчө бөлүгүн түзүү туура келет)
 
[[Файл:Aerial view of Krasnoyarsk (city centre).jpg|thumb|Красноярск]]
#REDIRECT [[Кызылжар]]
[[Файл:Coat of Arms of Krasnoyarsk (Krasnoyarsk krai).svg|thumb|upright]]
'''Красноярск''' ― [[Орусия|Орусиядагы]] [[шаар]] (1822-жылдан). Красноярск крайынын административдик борбору. [[Енисей|Энесай дарыясынын]] өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Калкы 1 052 218 (2015-жылы). Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Дарыя порту. Кызылжар аркылуу Транссибирь магистралы, «Байкөл» (Новосибирск – Кемерово – Кызылжар – Иркутск – Листвянка) жана «Энесай» (Кызылжар – Абакан – Кызыл – Моңголиянын чек арасына чейин) федерация автотрассасы өтөт. Чыгыш Сибирдин илим, билим, маданий борбору. Машина куруу жана металл иштетүү (токой жана целлюлоза-кагаз, кеме өнөр-жай үчүн жабдуу, экскаватор, комбайндардын тетиктерин даярдайт), түстүү металлургия, химиялык (химиялык була, жасалма каучук, шина), жеңил өнөр-жай ишканалары, алюминий (дүйнөдүгү эң ири; 2007-ж. 1 млн тга жакын өндүрүлгөн), муздаткыч чыгаруучу «Бирюса» (Россиядагы эң ири) ж. б. заводдор иштейт. 1628-ж. негизделген. 19-кылымдын 2-жарымынан сүргүнгө айдалчу жер болгон. Россия банкынын билетине түшүрүлгөн 7 шаардын бири. Көпөстөрдүн үйлөрү (1854), коноктор ак сарайы, бийик аркалуу соода катарлары (1860), эклектика стилиндеги турак-жайлар (20-кылымдын башы, алтын өндүрүүчүлөрдүн), чиркөөлөр, кечилканалар, соборлор ж. б. сакталган. Он үч Жогорку окуу жайлары (анын ичинде 2 университет), Орусиянын Илимдер Академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Красноярск илимий борбору, музейлер (анын ичинде край таануу, В. И. Суриков атындагы сүрөт), В. И. Суриковдун үй-музейи, сүрөт галереясы, театрлар (анын ичинде опера жана балет, музыкалык комедия, драма, куурчак) бар. Красноярскка жакын ГЭС курулган. Красноярсктан 3 км түштүк-батышта Мамылар коругу уюштурулган. Эл аралык фестивалдар (опера) жана конкурстар өткөрүлүп турат<ref>[https://timescanner.pro/ru/Krasnoyarsk Красноярск шаары тууралуу маалымат]</ref>.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
 
[[Категория:Россия шаарлары‎]]
[[Категория:Сибирь‎]]