Холера: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
ListikNeFake (талкуу | салымы) Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү |
|||
2-сап:
'''Холера''' ([[Байыркы грек тили|байыркы грек тилинен]] χολή «желчь» и ῥέω «теку») — адамдын ичеги-карынын жабыркатып, [[Организм|организмди]] суусуздандыруучу катуу кармаган [[Жугуштуу оорулар|жугуштуу оору]].<br />
== Себеби ==
Өтө коркунучтуу ([[карантин]]) ооруларга кирет. Бул оорунун булагы болуп оорулуу киши же анын козгогучун алып жүрүүчүлөр эсептелет. Холераны үтүргө окшогон микроб — вибриондор козгойт
== Белгилери ==
Оору катуу кармайт, негизги белгилери капысынан башталат. Күтүлбөгөн жерден ич өтө баштайт. Суткасына 30—35 жана андан да көп өтөт, кусат. Оорулуунун ичи токтолбой өтүп, тез-тез кускандыктан организм көп суюктукту жоготуп, дароо арыктайт, ээктери, [[мурун]], [[Кулак(анатомия)|кулактары]] көгөрүп, [[Көз|көздөрү]] ичине кирип, өңү бозорот; кол-буттары шалдырайт, алакандарынын териси кир жуугандай болуп бырышат. Дене температурасы төмөндөйт, тамырдын кагышы начарлайт, бирок эс-акылы ордунда болот. Ичинин өтүшү күчөп, заң бара-бара түсүн жоготуп, боз суюктукка айланат. Бул белгилер холеранын өтө оор түрүндө болот. Организм суюктукту көп жоготкондуктан жүрөк, бөйрөк, өпкөнүн иши начарлайт, кан коюуланат. Убагында медициналык жардам көрсөтүлбөсө оорулуу майып болуп калат.
|