Ден соолук: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Ден соолук канчага болунот
Белгилер: Reverted Көрсөтмөлүү оңдоо мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
м Reverted edits by 193.106.51.65 (talk) to last revision by Helena Gilberti
Белги: Rollback
1-сап:
[[Ден соолук]] — организмдин айлана чөйрө менен тең салмакташ болуу жана оорунун жоктугу менен мүнөздөлгөн табигый абалы. Кишинин ден соолугу [[Биология|биологиялык]] жана социалдык факторлор менен белгиленет. Ден соолук ооруга карама-каршы түшүнүк. Оору баштала электе оору алдындагы абал болот, анда организмдин коргонуу жана ыңгайлануу күчтөрү өтө жогорулап же басаңдаганда демейде ооруну пайда кылбаган зыяндуу фактор мындай шартта ооруну козгошу мүмкүн. Дени соо кишинин организминдеги айрым өзгөрүүлөр, мисалы, жашка жараша кан тамырлардын атеросклероздук бир аз өзгөрүүсү Д. с-ка анча таасир тийгизбейт. Ага байланыштуу «дени сак киши» деген түшүнүк пайда болгон. Анда организмдеги өзгөрүүлөр кишинин абалын көп өзгөртпөйт жана ишке жөндөмдүүлүгүнө таасир этпейт.
Ден соолук канчага болунот
 
— организмдин айлана чөйрө менен тең салмакташ болуу жана оорунун жоктугу менен мүнөздөлгөн табигый абалы. Кишинин ден соолугу [[Биология|биологиялык]] жана социалдык факторлор менен белгиленет. Ден соолук ооруга карама-каршы түшүнүк. Оору баштала электе оору алдындагы абал болот, анда организмдин коргонуу жана ыңгайлануу күчтөрү өтө жогорулап же басаңдаганда демейде ооруну пайда кылбаган зыяндуу фактор мындай шартта ооруну козгошу мүмкүн. Дени соо кишинин организминдеги айрым өзгөрүүлөр, мисалы, жашка жараша кан тамырлардын атеросклероздук бир аз өзгөрүүсү Д. с-ка анча таасир тийгизбейт. Ага байланыштуу «дени сак киши» деген түшүнүк пайда болгон. Анда организмдеги өзгөрүүлөр кишинин абалын көп өзгөртпөйт жана ишке жөндөмдүүлүгүнө таасир этпейт.
 
Д. с-ту билдирүүчү көрсөткүчтөр ар бир кишинин жашына, жынысына, тамактануусуна, жашоо шартына, иштеген ишине жараша өзгөрүлүп турат. Ошондуктан Д. с. ар бир кишинин субъективдүү абалын жана антропометриялык, клиникалык, физиологиялык, биохимиялык көрсөткүчтөрүн белгилеп, аньг менен бирге жынысын, жашын, климаттык шартын эске алып аныкталат. Мисалы, өрөөндө жашаган дени соо киши бийик тоолуу жерге барганда бийик тоо шартындагы кычкылтектин жетишсиздигине жана атмосфералык басымдын төмөндүгүнө көнө албай бир топко өзүн начар сезет. Ошондуктан бийик тоолуу жерге адаптация болгондо ал өзүн ооругандай сезет, организмдин ыңгайлануу механизмдери өтө күчөйт, бирок Д. с. бул учурда бузулбайт.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ден_соолук" булагынан алынды