Энциклопедия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
No edit summary
Белгилер: Reverted мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
'''Энциклопедия, илимий айлампа''' ({{lang-gr|enkyklios paideia}} - илимдин бардык тармагынан окутуу) - илим-билимдин же практикалык иш-аракеттин айрым бир (тармактуу Энциклопедия) же бардык тармагы (универсал Энциклопедия) боюнча маанилүү маалымат камтыган илимий же илимий-популярдык адабияттын бир түрү.
Ал ар бир доордун илими менен [[Маданият|маданиятынын]] деңгээлин гана көрсөтүү эмес, өзүн түзүп жаткан тап мүдөөсүн көздөө милдетин да аткарат. Түзүлүшү боюнча Энциклопедия алфавиттик (материал алфавит тартиби боюнча жайгашат) жана систематикалык деп айырмаланат. Көлөмүнө жараша шарттуу түрдө чоң (ондогон томдуу), кичине (10-12 т.). кыскача (4-6 т.) жана Энциклопедиялык сөздүк деп аталчу 1-3 томдук Энциклопедияларга бөлүнөт. Алардын ар бири атайын иштелип чыккан тематикалык план жана еөз тизме боюнча даярдалат.