Жан-Батист Жозеф Фурье: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
мNo edit summary
 
1-сап:
'''Жан-Батист Жозеф Фурье''' (1768-1830) - француз математиги, Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1829), Париж ИАнын мүчөсү (1817), Осердеги аскер мектебин бүтүрүп, ошол жерде мугалим болуп иштеген.
1796-98-ж-да [[Париж|Париждеги]] Политехникалык мектепте сабак берген. Фурьенин алгачкы эмгектери алгебрага таандык. Ал 1796-ж-дагы лекциясында берилген чектин арасында жаткан алг. теңдемелердин чыныгы тамырларынын саны жөнүндөгү теореманы баяндаган (1820-ж. жарыяланган). Бул маселени 1829-ж. Ж. Ш. Штурм толук чечкен. Ф. 1818-ж И. Ньютон иштеп чыккан алг. теңдеменин сандык чыгарылыш методун колдонуу шартын изилдеген. Бул иштин жыйынтыгы - «Аныкталган теңдемелер анализи» (1831-ж. жарык көргөн). Фурьенин негизги иштери математикалык физикага арналган. Ал 1807 жана 1811-ж. Париж ИАга катуу нерселердеги жылуулуктун таралуу теориясы боюнча 1-эмгегин сунуш кылган, 1822-ж. математиканын кийинки өнүгүшүнө зор таасир тийгизген белгилүү эмгеги - «Жылуулуктун аналитикалык теориясын» жарыялаган. Бул эмгегинде жылуулук өткөрүмдүүлүктүн дифференциал теңдемесин чыгарган жана мурда Д. Бернулли (к. [[Бернуллилер макаласы]]) жалпылаган ойду өнүктүргөн, ошол теңдемени чыгарууда берилген тигил же бул чектик маанидеги өзгөрмө чоңдуктарды бөлүү методун иштеп чыккан. Функциялардын тригонометриялык катар түрүндө берилиши ошол методдун негизи болгон.
 
==Колдонулган адабияттар==