Борбордук Африка Республикасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү iOS app edit
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү iOS app edit
1-сап:
{{Мамлекет
'''Борбордук африка республикасы''' (БАР) (Republique Centrafricaine) Борбордук Африкадагы мамлекет. Батышынан жана түштүк-батышынан [[Камерун]], түштүгүнөн [[Конго Демократиялык Республикасы]] жана [[Конго Республикасы]], түндүк-батышынан [[Чад Республикасы]], түндүк-чыгышынан [[Судан]] менен чектешет.
| Кыргызча аталышы = Борбордок Африка Республикасы
| Расмий аталышы = ([[француз тили|фр.]] Republique Centrafricaine)
| Кыскача аталышы = Орто Африка
| Мамлекеттик дини =
| Герб = Coat of arms of the Central African Republic.svg
| Желек = Flag of the Central African Republic.svg
| гимндин аталышы = Жандануу
| Аудио = La_Renaissance.ogg
|Башкаруу формасы = [[Президенттик республика]]
|Картада = Central African Republic (orthographic projection).svg
|CoordScale = 1000000
|Тили= [[француз тили|франк тили]], [[санго]]
|Эгемендүүлүк күнү = 13 август 1960
|Эгемендүүлүгүн алды = [[Франция]]
|Борбор шаары= [[Банги]]
|Ири шаарлар = [[Банги]]
|Башчыларынын милдеттери=
|Башчылары= Фостен Арканж Туадера
|Аянты боюнча орду = 46чы
|Аянты = 622 984 км2
|Суу пайызы = 0
|Калкы боюнча орду = 125 чи
|Калкы = {{төмөндөө}} 4 892 794
|Калкты каттоо жылы = 2021
|Калктын жыштыгы =
|Акча бирдиги = [[франк КФА ВЕАС]]
|МОК = CAF
|Этнохороним = [[ортоафрикалык]]
|Домени = [[.cf]]
|Телефон коду = 236
|Убакыт аралыгы = +1
|Штрих коду =
}}
'''Борбордук африка республикасы''' (БАР) ([[француз тили|фр.]]''Republique Centrafricaine'') Борбордук Африкадагы [[мамлекет]]. Батышынан жана түштүк-батышынан [[Камерун]], түштүгүнөн [[Конго Демократиялык Республикасы]] жана [[Конго Республикасы]], түндүк-батышынан [[Чад Республикасы]], түндүк-чыгышынан [[Судан]] менен чектешет.
 
==Мамлекет жөнүндө==
Аянты 623 миң км2. Калкы 4 млн (2004). Мамлекеттик тили француз жана санго тилдери. Борбору [[Банги шаары]] Администрациялык-аймгы жактан 16 префектурага, 1 автономия коммунасына (борбору) бөлүнөт. Акча бирдиги Батыш Африка валюта союзунун франкы. Мамлекеттик түзүлүшү. БАР унитардык мамлекет. Азыркы Конституциясы 7-январда 1995-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республикалык Мамлекет жана өкмөт башчысы президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу Конгресс (Улуттук чогулуш жана Экономика жана региондук кеңеш). 1991-жылдан көп партиялуу система киргизилген. Саясий партиялары: Демократия жана прогресс үчүн альянс, Демократия жана өнүгүү кыймылы, Прогресс үчүн патриоттук фронту, Социал-демократиялык партия, Борбор Африкикалык демокр.атиялык бирикмеси партиясы жана башка. Табияты. БАР Конго менен Шари дарыясынын алабында, негизинен саванна жана сейрек токойлуу субэкватордук аймакта жайгашкан. Аймагынын көбүн Азанде дөңсөөсү ээлейт, бийиктиги 600-900 м (эң бийик жери Нгая чокусу, 1388 м), ал аралча тоолордон жана кенен өрөөндөрдөн турат. Четки түндүгүн (Чад ойдуңунун түштүк чети тегиз, айрым жери саздуу) түздүк ээлейт. Климаты субэкватордук, жайы нымдуу ысык. Айлык Банги шаарынын, арткы планда Ибанги дарыясынын жээгиндеги дөңсөөлөр. Орточо температурасы 21°Сден 31°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 1000-1200 мм, түштүгүндө 1600 мм. Башкы дарыялары Убанги, Санга (кеме жүрөт). Шари дарыясынын системасына кирген көп дарыялар Чад көлүнө куят. Бийик чөптүү саванна, сейрек токой, четки түштүгүндө нымдуу экватордук жыш токой басымдуу. Өлкөнүн аймагынын 12% ин токой жана бадал ээлейт. Жери кызыл топурактуу. Улуттук парктары: Сен-Флорис, Баминги-Бангоран, Андре-Феликс. Калкынын негизин банда (29%), гбайя (25%), нгбанди (11%), занде (10%) түзөт, ошондой эле башка улут өкүлдөрү да жашайт. Салт болуп калган динди (57%), христиан (35%), ислам (8%) диндерин тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 47, аялдарыныкы 52 жаш. Шаар калкы 47%. Ири шаарлары: Банги, Бвар, Бамбари жана башка. Тарыхы. БАРдын байыркы мезгилдеги тарыхы толук изилденген эмес. 16-18-кылымда БАРдын аймагында борбордошкон бирдиктүү мамлекеттер түзүлгөн эмес. 16-кылымдан азыркы БАРдын түндүк батыш бөлүгү Багирми мамлекетинин курамына кирген. 19-кылымдын ортосунда анын аймагынын айрым бөлүктөрү Дарфур султандыгына жана Вадаи мамлекетине көзкаранды болгон. 19-кылымдын аягында БАРдын аймагынын көп бөлүгү Раббаха мамлекетине кирген. 1891-95-ж. француз колониячылары БАРдын аймагында ФортРоссе, Форт-Сибю, Форт-Крампель, Банги жана башка аскер гарнизондору жайгашкан таяныч пунктарын негиздешкен. Раббахтын армиясын талкалаган соң (1900), алар БАРды толук каратышып, ал 1904-ж. Убанги Чад француз колониясына кошулган. 1910-ж. бул чөлкөмдөгү