Рубиконду кечип өтүү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''"Рубиконду кечип өтүү"''' сөз айкашынын мааниси - артка кайтпай тургандай чечимгпе келүү, чечкиндүү кадамды жасоо. <br> Ал кезде Римдин ири кошуун башчысы болгон Юлий Цезардын Рубикон дарыясынан биздин заманга чейинки 49-жылы 10-январда кечип өтүшү - Римдик жаран..."
Белги: 2017 source edit
(Айырма жок)

14 ноябрь 2021, саат 19:38 учурдагы нуска

"Рубиконду кечип өтүү" сөз айкашынын мааниси - артка кайтпай тургандай чечимгпе келүү, чечкиндүү кадамды жасоо.
Ал кезде Римдин ири кошуун башчысы болгон Юлий Цезардын Рубикон дарыясынан биздин заманга чейинки 49-жылы 10-январда кечип өтүшү - Римдик жарандык согушту тутандырып, акыры Цезардын өмүр бою диктатор болуп калышына (диктатор perpetuo) жана Рим империясынын доорунун башталышына алып келген.

Цезар түштүк Галлиядан Иллирикумга чейинки аймактын акими (губернатору) болуп дайындалган (бирок Италия аймагы анын карамагына кирген эмес).
Анын губернаторлук мөөнөтү аяктаганда, Рим Сенаты Цезарга өз аскерин таркатып, Римге тынч кайтып келүүнү буйруган. Ал өз аскеринн ошол кезде Италиянын түндүк чек арасы болгон Рубикон дарыясы аркылуу өткөрбөөгө ачык буйрук берилген.
Биздин заманга чейин 49-жылы 10-январда Цезарь 13-легионду дарыя аркылуу алып өткөн да, анын кадамын Рим өкмөтү көтөрүлүш, чыккынчылык жана Рим Сенатына согуш жарыялоо деп эсептеген. Кээ бир авторлордун айтымында, Цезар өзүнүн аскери тайыз дарыядан өтүп бара жатканда, ал alea iacta est — "Чүчүкулак жасалды" — деген тарыхый сөз айкашын айткан.

Alea iacta est

Ушуга окшош мааниде "Alea iacta est" деген сөз айкашы да пайда болгон.
Alea iacta est ("Чүчүкулак жасалды") - бул латын тилиндеги сөз айкашынын (iacta alea est  [ˈjakta ˈaːlɛ.a ˈɛst]) бир варианты.
Бул сөз айкашын Юлий Цезар б.з.ч. 49-жылдын 10-январында Түндүк Италиядагы Рубикон дарыясын кечүү маалында айткан, деп Светоний жазган. Дал ушул чечкиндүү кадам аркылуу Цезар Италияга басып кирип, өзүнө кастык маанайда болгон Сенаттын аскерин жеңген жана узакка созулган жарандык согуштан кийин өмүр бою диктатор болуп калган.
Бул сөз айкашы "эми артка кайтууга жол жок" дегенди билдирет.

Тарыхчы Плутархтын маалымдашынча, Цезар латынча "Йакта алэа эст" деп айтпастан, грекче «Ἀνερρίφθω κύβος», [anerríphthō kýbos] - "анэррифто кибос" - "чүчкулак кармалды" деп айткан соң, анын аскери Рубикон дарыясынан Римди карай кечип өткөн. [1]


Адабият

  • Бабичев Н. Т., Боровской Я. М. Словарь латинских крылатых слов: 2500 единиц. / Под ред. Я. М. Боровского. — 3-е изд., стер. — М.: Рус. яз., 1988. — С. 52—53. — ISBN 5-200-00013-0.
  • Плутарховы Сравнительные жизнеописания славных мужей / Пер. С. Дестуниса. — Т. 1—13. — СПб., 1814—1821.
  • Жизнеописания Плутарха / Пер. под ред. В. Герье. — М., 1862.
  • Сравнительные жизнеописания / Пер. В. Алексеева. — Т. I—II. — М., 1889.
  • Избранные биографии / Пер. под ред. С. Я. Лурье. — М.—Л., 1941.
  • Сравнительные жизнеописания / Пер. С. П. Маркиша, М. Е. Грабарь-Пассек, С. И. Соболевского. — Т. I—III. — М.-Л., 1961—1964; второе издание: Т. I—II. М., 1994.

Интернеттеги шилтемелер

Ички шилтемелер

  1. Plutarch's Life of Caesar 32.8.4 and Sayings of Kings & Emperors 206c.